Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Министр Бейшеналиев прокуратуранын эскертүүсүнө берген жообу тууралуу түшүндүрмө берди


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратуранын эскертүүсүнө 25-марттагы берген жообу боюнча түшүндүрмө берди.

Анын билдирүүсү Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда министр өлкөнүн Конституциясында Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындай турганын эске салып «мыйзам боюнча мени жазалоо чечимин президент кабыл аларын белгилегим келген» деп билдирген.

Бейшеналиев соңку билдирүүсү туура эмес чечмеленгенин, андан сабак алып, өз пикирин туура жеткирүүгө аракет кылып жатканын кошумчалаган.

Министр маалымат каражаттарындагы өзүнө байланыштуу талкуулар Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имаратты алуу маселесинен көңүлдү башка жакка бурууга багытталганын билдирди.

Анда Алымкадыр Бейшеналиев өз аракеттерин саламаттык сактоо тармагын реформалоого жумшап жатканын, анын жыйынтыгы катары Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасынын иштей баштаганын, Травматология пунктунун оңдолгонун, №2 төрөткананын имаратынын кайтарылышын, "Алтын балалык" долбоорунун курулушун атаган. Ал өз реформасын "өлкөдөгү медицинанын корифейлери деп атаган Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов баштаган дарыгерлер колдоп жатканын" кошумчалаган.

25-мартта Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү бергени белгилүү болгон.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-турумуна, башка кесиптештери тууралуу айткандарына өлкө жетекчилери реакция жасашы керек экенин айтып чыгышкан. Прокуратуранын эскертүүсү боюнча комментарий берип жатып министр Башкы прокуратура эч ким эмес экенин, аны президент жана эл гана жазалай турганын билдирген.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG