Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Ишкерлер бизнеске тоскоолдукту жоюуну өтүнүштү


Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отуруму, 24.03.2022
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отуруму, 24.03.2022

24-мартта Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Консультативдик кеңештин алгачкы отуруму өттү.

Анда Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекет ишкерлерге карата жазалоочу мамиледен коргоочу мүнөзгө өтүшү зарыл экенин айтты. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү ишкерлерди кыйнап жаткан түпкүлүктүү көйгөйлөрдү ортого салып, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти.

Консультативдик кеңештин катышуучулары ишкердикте кеңири кездешкен төрт маселени талкуулады. Алар:

  • Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ишкердин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү.
  • Далил жетишсиздигинен кыскартылган негизсиз козголгон сотко чейинки өндүрүш иштери. Ишкерлердин мүлкүн негизсиз камакка алуу жана аны кайтаруудагы тоскоолдуктар.
  • Мамлекеттик органдар тарабынан ишкердин аброюна шек келтирген маалыматтарды коомчулукка мыйзамсыз таратуу.
  • Бизнес чөйрөнү жакшыртуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу менен ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдардагы системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана жоюу боюнча иш жүргүзүү.

Көйгөйлөрдүн бул топтому Кеңештин жумушчу топтору тарабынан иштелип чыккан.

Консультативдик кеңештин төрагасы, башкы прокурор Курманкул Зулушев бул аянтча ишкерлердин маселесин иштиктүү чече алат деп ишендирди.

Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору, Консультативдик кеңештин төрагасы.
Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору, Консультативдик кеңештин төрагасы.

“Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун диалогун камсыз кылып, бул жаатта топтолгон тажрыйбаны алмашуу үчүн түзүлгөн Консультативдик кеңешме уникалдуу аянтча болот деп эсептейм”.

2021-жылдын 25-августунда Башкы прокуратурада ишеним телефону ачылып, ага жалпысынан 152 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 45 кайрылуу ишкерлердин укуктары боюнча болгон.

Прокуратура органдарынын текшерүүлөрүндө укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү, сотко чейинки өндүрүш иштерин негизсиз баштап, аларга карата тергөө аракеттерин жасоо, фискалдык органдардын кызматкерлери ишкерлерге карата негизсиз чараларды көрүп жаткан фактылар аныкталган.

Башкы прокуратура Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жардамы менен «Ишкердиктин субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдүн реестри» маалыматтык системасын жана "Ишкердин жардамчысы" мобилдик тиркемесин ишке киргизүү алдында турат.

Бул иш-аракеттер Башкы прокуратуранын белгилешинче, укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктерге каршы аракеттенүүгө багытталган.

“Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын” президенти Дамира Дөлөталиева Кеңештин иштиктүү уюм болоруна үмүт артууда.

Дамира Дөлөталиева, "Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын" жетекчиси
Дамира Дөлөталиева, "Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясынын" жетекчиси

“Баарыбыз тең бул Консультативдик кеңеш ийгиликтүү болот деп үмүт кылабыз. Бул жерде отурган кесиптештерим күбө болушат, биз “Бизнес кеңеш”, “Инвестициялык кеңеш” сыяктуу абдан көп кеңештерге катышканбыз. Тилекке каршы, алар кандайдыр бир ийгиликке жетише алган жок. Бул жолугушуулар бизнестин көйгөйлөрүн көбүрөөк чечсе деп каалайт элем”.

Бизнес-акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 2001-жылы кабыл алынган “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам беш жолу өзгөртүлгөн. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзам 15 жолу оңдолгон. “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзам төрт жолу оңдолсо, “Ишкердикти жөнгө салуу боюнча нормативдик укуктук базаны оптимизациялоо жөнүндө” мыйзам эки жолу өзгөртүлгөн.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарёв улуттук мыйзамдардагы кемчиликтер ишкердиктин алдыга карай өнүгүүсүнө тоскоол болуп келатканын билдирди.

Сергей Пономарев, Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысынын орун басары
Сергей Пономарев, Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысынын орун басары

“Ишкерлер үчүн базалык мыйзам болгон “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамда аткаруу механизмдери жок экенине көңүлүңүздөрдү бургум келет. Ошондуктан, көптөгөн чиновниктер талкууларда 2001-жылдагы мыйзамдын чийки экенин моюнга алат. Дүйнөлүк стандарт боюнча эгерде мыйзамда кемчилик болсо, мамлекеттик органдар ага таянып ишкерлерди тебелебеши керек. Мындай учурда мамлекеттик органдар мыйзамдын бир гана нормасын сактай турган болсо, ишкер субъекттер үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул албетте, инвестициялык климаттын начарлашына алып келет жана ишкер субъекттердин укуктары бузулат”.

Жыйында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү себепсиз күмөн саноо, иликтөө, ишкананын эсеп жана мүлкүн камакка алуу, текшерүүнүн жүрүшүндө бардык финансылык документтерди алып коюу тажрыйбасы ишкерлерге оор кесепетин тийгизип жатканын айтышты.

Кыргызстандагы Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева мамлекеттин инвестиция тартып келүү жана коргоо саясаты менен укукту ишке ашыруу тажрыйбасынын ортосунда чоң айырма бар экенин баса белгиледи. Ал мындан мамлекеттик менежменттин бизнеске жасаган мамилесин көрүүгө болорун айтат.

Назира Бейшеналиева, Кыргызстандагы Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы
Назира Бейшеналиева, Кыргызстандагы Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы

“Жалаң гана мамлекеттик бюджетти толтурууну көздөгөн чиновниктер ишкерлерге салынган салыктык жана административдик жүктү көбөйтүп, мамлекеттик менежменттин кемчиликтерин салык төлөөчүлөрдүн моюнуна илип коюшат. Акыркы жылдары биз бизнес ээлерине жана ишкерлерге карата козголгон көптөгөн кылмыш иштерине күбө болуудабыз. Укук коргоо органдары, прокуратура кызматкерлери, сот бийлигинин өкүлдөрү укук үстөмдүгү жана жеке менчиктин кол тийбестиги сыяктуу конституциялык принциптерге каршы иш жүргүзүп жатканына жана ал үчүн эч кандай жаза тартпаганына күбө болуп келебиз. Натыйжада өлкөгө инвестициялардын келиши азайып, өлкөдөн качкан капиталдын көлөмү жылдан-жылга өсүүдө. Керек болсо атамекендик ишкерлер да өз капиталын коопсуз юрисдикцияларга чыгарууга мажбур болуп жатат”.

Бизнес-коомчулук капиталдын корголбогону менен мамлекеттик органдардын өзүм билемдиги инвесторлор үчүн начар сигнал болуп жатканын билдиришти. Алар өлкөнүн экономикасын кыймылдаткан жана казынаны толтурган ишкерлер мамлекеттик коргоо менен колдоону көрбөй келатканын айтышты.

Өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 токтому менен ишкердик субъектилерге текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган. Бул мораторийдин мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктаган.

ЖИА ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров бул чечим укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн бир топ азайтып, жакшы натыйжа бергенин белгиледи.

Фархат Пакыров, ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору
Фархат Пакыров, ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору

“Бүгүнкү күндөгү кризистик абалдан чыгуу үчүн кайрадан ушул сыяктуу текшерүүлөргө мораторий өтө зарыл болуп турат. Мындан улам, Консультативдик кеңештен бизнес-коомчулугунун сунушу катары төмөнкүлөрдү кабыл алууну суранабыз. Биринчи, ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу демилгесин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине жиберүүнү. Экинчи - Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 4-мартындагы №61 жарлыгын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу өтүнүчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берүүнү суранабыз”.

2021-жылдын 29-январында президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгы чыккан. Андан кийин, ошол эле жылы 4-мартта “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган.

Жыйында айтылгандай, президенттин аталган эки жарлыгындагы айрым жоболор дагы деле аткарылбай турат. Мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн азайтуу, жөнгө салуу реформаларын жүргүзүү, лицензияларды бере турган бирдиктүү органды камсыздоо жана бизнеске тоскоолдуктарды алып салуу боюнча көп нормативдик актылар кабыл алынганына карабай аткарылбай келгени айтылды.

Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Башкы прокуратурадан мыйзамдын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү өтүндү.

Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору

“Мыйзам жазууда да жол-жоболор сакталбаган учурлар көп байкалат. Жаңы мыйзам демилгеленгенде тийиштүү каржылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлбөйт, жөнгө салуучулук (регулятивдик) талдоо жасалбайт. Ишкерлер көз ачып-жумганча жаңы мыйзам пайда болот. Ошондуктан, прокуратура мыйзам кабыл алуунун процедурасын көзөмөлгө алса жакшы болот эле”.

Сыдыков мамлекеттик органдардын индикаторлорун кайра карап чыгуу зарылдыгын да сунуштады. Анын пикиринде, салык кызматы салыкты көп көлөмдө чогултуунун эмес, салык төлөөчүлөрдүн санын өстүрүүнүн үстүндө иштесе жакшы болмок. Же укук коргоо органдары козголгон кылмыш ишинин санын көрсөткүч кылбай, канча ишкерлерге, салык төлөөчүлөргө же жарандарга жардам бергенин, укуктарын коргогонун индикатор кылышы керек.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын башкы директору, ЖИА ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов курулушчуларды кыйнаган көйгөйлөрдү санап берди. Ишкер жогорку бийликтин сөздөрү ишке ашпай келатканына көңүл бурду.

Чолпонбек Акматов, "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын башкы директору
Чолпонбек Акматов, "Эмарк Групп" курулуш компаниясынын башкы директору

“Бишкек мэриясындагы жер ресурстары башкармалыгында жер тилкелерин ижарага берүүдө чоң көйгөйлөр бар. Жер тилкесин берип коюп, кайра сотко сүйрөп, көп курулуш компанияларын кыйнаган маселелер бар. Сиз менен "Хаятта" жолукканда айттык эле, “Сууканалдын” шарттары ишкерди абдан эзет. Андай тарифтер дүйнө жүзүндо жок болсо керек, бир кагаз үчүн 30-40 млн. сом төлөгөнгө мажбур болобуз. Архитектура жаатында да АПУну алгандан баштап эксплуатацияга бергенге чейинки процессти жөнөкөйлөтүп койсок, көп инвесторлор келмек. Айтылган маселелер сөз боюнча эле калып калууда. Шаардык кеңеш беш жобо кабыл алып койгон, ошону жокко чыгарта албай жатабыз”.

Жыйын соңунда башкы прокурор Курманкул Зулушев Консультативдик кеңеш формалдуу аянтча болбойт деп сөз берди.

“Бүгүн эле маселе келип чыгып, жолуккан жокпуз. Бул жети-сегиз айдан берки аракеттер. Консультативдик кеңеш ушул бойдон формалдуу түрдө болбошу керек, албетте болбойт, мен сөз берем. Себеби максатыбыз - бир тегерек үстөлгө жыйылып, сиздердин көйгөйлөрдү толук талкуулоо”.

Консультативдик кеңешке мамлекеттик, фискалдык органдардын жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер кирген. Жобо боюнча кеңештин жыйыны жарым жылда бир жолу өтөт. Зарыл учурда кезексиз жыйындар Кеңештин бир же бир нече мүчөлөрүнүн сунушу боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.

Кеңештин мүчөсү, Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева жакынкы мезгилдерде кеңештин дагы бир, кезексиз жыйыны болушу мүмкүн экенин билдирди.

Гүлнара Ускенбаева, Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору
Гүлнара Ускенбаева, Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору

“Жумушчу топто бул жыйынды жана иш планды талкуулап жатканда бизнестин алдында турган маселелер боюнча дагы бир, кезексиз жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган. Ал жыйында санкциялык көйгөйлөр, бажы маселелери, ЕАЭБ алкагындагы аткезчилик жана курулуш тармагындагы мыйзам көйгөйлөрү каралышы мүмкүн”.

Башкы прокуратуранын алдындагы ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш 2021-жылдын 27-декабрында түзүлгөн.

Кеңеш бизнес-коомчулук менен мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда диалог түзүү, ошондой эле ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган.

Ишкерлер бийликке ишенеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:29 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG