Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Элчилик: Кыргызстандык жүк ташуучуларды текшерүү күчөтүлгөнү такталып жатат


Чек арадагы кезек күткөн унаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек арадагы кезек күткөн унаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы "Моштаково" бажы бекетинде кыргызстандык жүк жана жүк ташуучуларды текшерүү күчөтүлгөнү боюнча Орусиянын компетенттүү кызматтарына кайрылды.

17-мартта жиберилген кайрылууда Кыргызстандын жүк жана жүк ташуучуларына карата текшерүүнүн күчөтүлүү себептерине жана жагдайларына түшүндүрмө берүүнү сураган.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Социалдык тармактарда Кыргызстандан Орусияга ташылып жаткан жүктөрдү "Моштаково" бажы бекетинде мажбурлап түшүрүп жатканы тууралуу видеотасма тараган.

Украинадагы согуштун башталышы менен Орусия аркылуу өтө турган жүктөрдү ташууда кыйынчылыктар жаралганын ишкерлер белгилеп келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG