Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Остин: АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпайт


Ллойд Остин. АКШ коргоо министри.
Ллойд Остин. АКШ коргоо министри.

АКШ аскерлери Украинадагы согушка катышпай турганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин Си-эн-эн телеканалына курган маегинде билдирди.

"Президент (АКШнын поезиденти Жо Байден) так түшүндүргөндөй, биздин аскерлер орус-украин чатагына аралашпайт. Бул жерде сөз эки өзөктүк куралы бар держава тууралуу болууда. Алардын чатакташканынын эч кимге кереги жок. Бул аймак гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнө терс таасирин тийгизет", - деди коргоо министри Ллойд Остин.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Жыйырма күндөн ашуун Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG