Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Жасалма диплом чуусу: "Бүтүн Кыргызстанга" айтылган доомат


УКМК жасалма дипломлорго байланыштуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарындагы үч адамды атады.
УКМК жасалма дипломлорго байланыштуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарындагы үч адамды атады.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган айрым депутаттарды жасалма дипломдорду аныктоо өнөктүгүнө шек келтирип жатат деп айыптады. Атайын кызмат жогорку билими тууралуу жасалма документ алып жүрөт деп шектелгендердин арасында аталган партиянын тизмеси менен шайлоого барган кээ бир талапкерлер бар экенин айтып, аты-жөнүн жарыялады.

Мунун алдында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кимдир бирөөнүн ысымы ачык аталбасын билдирген. Ушундан улам бул өнөктүктү саясий куугунтуктун куралы деп баалагандар дагы чыкты.

Атайын кызмат жасалма дипломдорго байланыштуу соңку парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесине кирген талапкерлер Кыянбек Сатыбалдиев менен Жолдошбек Токсобаевдин атын атады.

УКМК тараткан маалыматта аталган фракциянын төрагасы Адахан Мадумаров баштаган кээ бир депутаттардын бул өнөктүккө "терс маани берүү аракети байкалат" деп жазылган. Ошондой эле бул багыттагы мыйзам бузуулар топ-топко бөлүнүп, анда "Бүтүн Кыргызстандын" өкүлдөрү мисал катары көрсөтүлгөн.

"Бул маселе боюнча эреже бузуулар төмөнкү топторго бөлүнөт:

Биринчиси, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарбоого (жогорку окуу жайы менен байланыштын жоктугу, чет өлкөдө жүрүү, зачёт, сынактарга барбоо ж.б.) байланыштуу билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар.

Буга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги сынак сессиясы учурунда чет өлкөдө узак убакыт жүргөнүн мисал келтирсек болот.

Экинчиси, жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалым кат ж.б.) тапшырган адамдар. Мисал катары, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин айланасындагы абалды келтирсе болот. Анын жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшырганы текшерилип жатат.

Үчүнчүсү, ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгон адамдар. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жолдошбек Токсобаевдин жасалма диплом колдонгон фактысын атаса болот" деп айтылат маалыматта.

УКМК былтыр шайлоо өнөктүгү маалында Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Кыянбек Сатыбалдиев "жасалма диплом алган" деп шек саналып жатканын, териштирүү башталганын билдирген. Анда жогорку билими тууралуу документ талапкердин бир тууганы Кыялбектин атына берилгени айтылган.


Кыянбек Сатыбалдиев дипломунда техникалык гана ката кеткенин, ысымындагы бир тамга алмашып калганын билдирген. Бир эмес эки жолу териштирүү жүргөнүн, ката окуу жайдан кеткенин жана бул маселе саясатташкан дейт.

"Чындыгында "Кыянбек" деген сейрек ысым деп толук айта алам. Мындай ысымды мен уга элекмин. Мага көп эле жерде "Кыялбек" деп кайрылышат. Менин 1975-жылкы бир тууган агам Кыялбектин 10-класстык гана билими, күбөлүгү бар. Ал техникумга дагы, жогорку окуу жайга дагы тапшырган эмес. Анан калса мен төрт жыл күндүзгү бөлүмдө окугам. Бул бир эмес, эки жолу тергелип, такталып, иликтенип аныктамасы чыккан",- деп билдирген ал.

Адахан Мадумаров атайын кызматтын соңку дооматына үн ката элек. Ушул жылдын башында парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматова "диплому жасалма" деген негизде мандатынан ажыратылган.

Талдоочу Айданбек Акматов бул жагдайды бийликтин саясий атаандаштарын каралоо аракети катары сыпаттады.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

"Биринчиден, Нарматова боюнча айтканда, анда эч кандай жасалма диплом жок. Болгону кесиптик эмес окуу жайдан келип университетке тапшырган дегендей айып коюлган. Ал жасалма диплом алган деп айтууга эч кандай негиз жок. Кыянбек Сатыбалдиев жана башкалар боюнча "Бүтүн Кыргызстанга" кое турган эч кандай айып болбошу керек. Себеби, ал бул партия менен шайлоого барганга чейин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген, башка кызматтарда жүргөн. Ал чоң текшерүүлөрдөн ошол убактарда өтүп келген адам. Жасалма диплом алган төрт депутат бар деген маалымат чыккан. Бирок алардын аты аталбай жатат. Эмнегедир мен алар өздөрүнө жакын адамдар болуп калдыбы деп шектенип жатам. Жаап-жашырып жатабы, же жокпу белгисиз. Саясий оппоненттерине каршы административдик күч колдонуу, көө жабуу, жаманатты кылуу аракеттери кадимкидей уланып жатат. Бул өнөктүк дагы Орозайым Нарматованын айынан чыкпады беле".

Апта башында атайын кызмат жасалма диплом алган деп шек саналгандардын арасында Жогорку Кеңештеги төрт депутаты бар экенин маалымдаган, бирок алардын атын ачыкка чыгарган эмес. Бул тизмеде андан сырткары эки судья, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө жана жергиликтүү администрацияларда иштеген ондогон адам бар экенин билдирген.

Жасалма дипломдорго байланыштуу жагдай парламенттин шаршембидеги жыйынында сөз болгон. Анда депутат Чыңгыз Ажибеков айрым эл өкүлдөрү каралоого кабылып жатканын, арасында өзү дагы бар экенин айтып чыккан жана атайын кызматтан жасалма дипломдорго байланыштуу шек саналган депутаттардын аты-жөнүн ачык жарыялоону талап кылган.

"Эки күндөн бери жалпыга маалымдоо каражаттарында "төрт депутаттын диплому жасалма экен" деп маалымат берип жатат. Маалыматты УКМК берди деп жатышат. Эгерде ошондой болсо атайын кызмат элди коогалаңга салбай, ошол төрт депутаттын атын атап койбойбу. Бүгүн эртең менен менин душмандарым, айрым адамдар "Ажибаевдин диплому жасалма" деген сөз чыгарыптыр. Мен өзүмдүн күчүм менен беш жыл жогорку окуу жайда окуп, бүтүргөм".

Жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кимдир бирөөнүн аты-жөнү жарыяланбасын билдирген.

"Дипломдорду текшерүү тапшырмасын президент берген. Азыркы учурда УКМК текшерип жатат, текшерүү аяктай элек. Интернетке чыккан маалыматтар алдын ала маалыматтар болуп эсептелет. Андан сырткары тергөөнүн купуялуулугу деген түшүнүк бар. Ошондуктан биз тергөөнүн кызычылыгы үчүн азыр эч кимдин фамилиясын атай элекпиз. Алдын ала саны тууралуу гана маалымат беришти. Бул эми президенттин тапшырмасын аткарып жатканын көрсөткөн гана маселе. Биз тергөө башталгандан тартып көзөмөл жүргүзөбүз, бирок бизге деле азыр так маалымат бериле элек".

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттар тууралуу маалымат берүү жөнүндө Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берген.


УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын айткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошова жасалма дипломдорду текшерүү өч алуу өнөктүгүнө айланбашы керектигин белгиледи.

Жылдыз Жолдошова.
Жылдыз Жолдошова.


"Азыркы бийлик дагы өч алуу айлампасынан чыга албай жатканы албетте өкүнүчтүү. Бул айлампадан чыкпаса, биздин өлкө өнүп-өспөйт. Тандалма жол менен текшерүү өтө жаман. Эгер текшерсе, анда абдан дыкат текшерүү керек. Мисалы, сырттан окугандардын көбү жумушуна байланышуу окууга көп убакта келе албай калат, мөөнөтүнөн мурда тапшыргандар да болот. Мен дагы Политехти сырттан окугам. Бизде көбү МАИ кызматкери болуп иштейт эле. Мисалы, биз сыртта окугандар сүрөткө деле түшө бербейт элек. Азыр эми "сүрөтүңдү көрсөт, ал-бул" деп кыйнап жатышпайбы. Мен курсташтарымдын көбүн тааныбай деле калгам. Өздөрү (бийлик - ред) жакшы эле куугунтук көргөн. Ошондуктан өч алуу айлампасынан чыгып, куугунтукту токтотуу керек".

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев текшерүүлөрдү өч алуу аракети катары карабоо керектигине токтолду.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

"Кыргызстанга эгемендиктин келиши менен кошо билим берүү тармагына дагы бир топ көйгөйлүү, түйшүктүү маселелер кошо келди деп айтсак болот. Мурда окуу жайлардын саны абдан аз болуп, канчалаган жаштар билим алууга умтулуп, каалаган окуу жайына өтө албай калган мезгилдер да болгон. Завод-фабрикалар талкаланып, жок болуп жаткан учурда ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бекер жүргүчө билим ала берсин деген саясаты болгон. Мамлекет көзөмөлгө албай, билим берүү баш аламандыкка айланып кеткен. Бир топ окуу жайлар ачылып, студент жок, зачетка бар болуп, "акча төлөп жатпайбы, курстан курска көчө берсин да" деген саясат болуп, ошонун арты менен миграцияга кеткен, чет өлкөдө жүргөндөр дагы диплом алган учурлар көбөйгөн. Алар эми четинен чыгып жатпайбы. Менимче, бул жерде эч кандай деле өч алуу жок болушу керек. Жогорку билим тууралуу талап бардык эле жерде бар да. Мурунку ректор катары, көп жыл жогорку окуу жайларда окутуучу болгон адам катары айта алам, жасалма диплому бар деген адамды оңой эле текшерсе болот. Бул текшерүүнү кыска убакытта эле бүтүрүп салбастан, мындан ары сабак болгудай жасалма диплом менен мамлекеттик кызматка келишине тыюу салынышы керек. Ошондой диплом менен канча айлык алса, ошонун баарын кайра төлөтүү керек".

УКМК бул өнөктүктүн алкагында бир катар жогорку окуу жайлар текшерилип жатканын кабарлаган. Анда Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин атынан 28 жасалма диплом берүү фактысы катталып, сап башына чыккан. Аталган окуу жайдын жетекчилери дооматтарды четке каккан.


Өткөн аптада Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылып жүргөн мугалим асынып алганы белгилүү болгон жана бул окуядан улам коомчулукта талаш-талкуу күчөгөн.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин да чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандыгы аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG