Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Москвада Крымдын аннексиясынын сегиз жылдыгы белгиленди


Москва шаарындагы "Лужники" стадионундагы иш-чара. 18-март, 2022-жыл.
Москва шаарындагы "Лужники" стадионундагы иш-чара. 18-март, 2022-жыл.

Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда Крымдын жана Севастополдун аннексияланышынын сегиз жылдыгына карата митинг-концерт өттү. Алып баруучулар ал окуяны “өзүнүн түпкү тамырына кайтуу” деп чечмелеп жатышты.

Концерттин алып баруучулары Орусия азыр Украинага жасаган чабуулу жөнүндө да сөз кылып, аны “согуш” деп атабай, “атайын операция” деп комментарийлеп жатышты. Алар орус аскерлери Украинада “нацизм” менен күрөшүп жатканын айтышты. Иш-чарада Донецкидеги жикчилдердин талаа командири, каза болгондон кийин Орусиянын баатыры наамын алган Владимир Жогинин атасы чыгып сөз сүйлөдү.

Актёр Дмитрий Певцов кийинчерээк украиндер, беларустар жана орустар бирдиктүү мамлекет түзө ала турганына ишенерин айтты. Актёр Владимир Машков Фёдор Тютчевдин Батышты сындаган ырын окуду. Олег Газманов "Офицеры" ырын ырдап, “Украина жана Крым, Беларус жана Молдова -менин өлкөм” деп сөз сүйлөдү. “Любэ” тобу "Давай за" жана "Комбат" ырларын аткарды. Москванын мэри Сергей Собянин менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян сөз сүйлөп, Орусияны даңазалашты.

Андан кийин митингде Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөдү. Ал Украинага каршы аскердик операцияны баштоого Донбасстагы орусиячыл жарандарга каршы украин бийлигинин “геноциди” себеп болгонун айтты. Путин андан ары Библиядан цитата келтирип, аскерлердин эрдиги жөнүндө айтты. Анын сөзү бүткөнгө чейин "Россия-24" телеканалынан түз алып берүү үзүлүп кетти. 20 мүнөттөн кийин телеканал президенттин сөзүн кайрадан көрсөттү.

Трибунада он миңдеген жарандар Орусиянын желегин жана орус аскерлеринин Украинадагы согуштук аракеттеринин символу болуп калган Z тамгасын, Георгий лентасы менен чогуу кармап турушту. Трибунага батпай калган дагы миңдеген стадиондун жанында чогулушту.

ИИМдин маалыматына караганда, концертке 200 миңдей адам чогулду. Мурдараак бир катар интернет каражаттар иш-чарага бюджеттик ишканалардын кызматкерлери менен студенттерди мажбурлап алып келгенин жазышкан. Чогулгандар концерт аяктаганга чейин эле иш-чарадан кетип калышты.

2014-жылдын 18-мартында Украинанын Крым жарым аралын жана Севастополь аймагын Орусия өзүнө кошуп алган. Украина жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул аннексияны тааныган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG