Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Жо Байден менен Си Цзинпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулашты


АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин видео байланыш аркылуу сүйлөшүүсү. 18-март, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин видео байланыш аркылуу сүйлөшүүсү. 18-март, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө сөз кылышты. Ак үйдүн маалымдашынча 18-марттагы сүйлөшүү эки саатка жакын убакытка созулду.

Сүйлөшүүнүн башка деталдары айтылган жок. Анын алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен брифинг учурунда Байден сүйлөшүүдө “эгер Кытай орус агрессиясына колдоо көрсөтсө анын арты оор болорун" эскертмек деп айткан.

Кытайдын тышкы иштер министри кабарлагандай Си Байденге Украинадагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, НАТО өлкөлөрүн Москва менен диалог курууга чакырган.

Кытай менен Орусия акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерин жандантып жатышкан. Ошого байланыштуу Бээжин Москванын Украинага кол салышын ачык айыптай алган жок. Бул Вашингтондун кооптонуусун жараткан.

Жакын арадан бери Орусия Кытайдан аскердик жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат тараган. Москва муну төгүндөгөн. Энтони Блинкен 14-мартта Кытайдын тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Ян Цзечи менен жолугушууда эгер Бээжин АКШ Орусияга салган санкцияларды буза турган болсо анын кесепети болорун билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG