Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Болгария, Эстония, Латвия жана Литва Орусиянын дипломаттарын кетирет


Орусиянын Болгариядагы элчилиги.
Орусиянын Болгариядагы элчилиги.

Болгария өлкөдөгү орус дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 10 кызматкери персона нон-грата деп жарыяланды. Бул тууралуу Болгариянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аларга 72 саат берилди. Азырынча кайсы рангдагы дипломаттарды кетирүү пландалып жатканы белгисиз.

Болгар сырткы саясат мекемеси өз маалыматында алар “дипломатиялык макамга шайкеш келбеген аракеттери үчүн” кетирилерин маалымдады. Адатта мындай мүнөздөмө чалгындоо иштерине шектелген дипломаттарга карата колдонулат.

Болгария акыркы жылдары орус дипломаттарын бир нече жолу чыгарган. Бул жолкусу рекорддук санды түзүп жатат. ТАСС агенттигине берген комментарийинде Орусиянын Болгариядагы элчиси Элеонора Митрофанова болгар бийлигинин чечимин “таптакыр достукка жатпаган акт” деп атады.

Жума күнү мындан сырткары Латвия, Литва жана Эстония дагы орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарарын жарыялашты. Рига менен Таллин үчтөн кызматкерди, Вильнюс төрт кызматкерди кетирип жатат. Мындай чечимдер Орусиянын Украинага чабуулуна байланыштуу кабыл алынганы маалымдалат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG