Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Улуттук банк 20 күндө 62,5 кг алтын куймасын сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 25-февралдан тартып 17-мартка чейинки аралыкта 406,1 млн. сомго 62,5 кг алтын куймасы сатылды.

Бул доллардын курсу кескин кымбаттап, президент Садыр Жапаровдун сунушу менен алтын куймаларын сатып алуу жараяны башталгандан берки маалымат.

Жалпысынан долбоор башталгандан бери Улуттук банкта 368,2 кг алтын 1 млрд. 451,6 млн. сомго сатылган.

Маалыматка ылайык, ушул тапта да алтын куймаларын сатуу уланууда. Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31,1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат. Алтын куймасынын кору күн сайын толукталууда.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

18-марттагы маалыматка караганда, учурда бир грамм алтын 8 459 сомдон сатылууда.

Улуттук банк март айына карата алтын валюта кору 2,7 млрд. АКШ доллардан ашык каражатты түзөрүн билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG