Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Өкмөт айыл чарба техникасын сатып алууга 199 млн. сом бөлөт


Министрлер кабинети республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 млн. 390 миң сом өлчөмүндө насыя бөлүп берүү жөнүндө тескеменин долбоорун карап жактырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин 25-мартта өткөн кезектеги жыйынында 13 маселе, токтомдун долбоорлору каралды.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. Ал жеңилдетилген шартта берилген насыяны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун эскерткен. Жапаров дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя берүү үчүн быйыл 26 миллиард сом бөлүнүп жатканын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG