Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

COVID-19: Дагы бир бейтап каза болуп, 11 учур аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын 26-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды.

Бишкекте жети, Чүйдө төрт учур катталды. Башка аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес. Бир бейтап каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2984 адам.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 201 миң адамга чукулдады.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 85 бейтап ооруканада, 61и үйүндө дарыланууда.

Мурдараак Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирген. Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталган. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG