Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

АКШ президенти Байден поляк-украин чек арасына барды


Жо Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту. 25-март, 2022-жыл.
Жо Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту. 25-март, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден Европа сапарынын алкагында 25-мартта украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына келди. Анда поляк президенти Анджей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулады.

Орусия Украинага басып киргенден кийинки өлкөдөн качкан 3,5 миллиондой адамдын 2 миллиондон ашууну Польшага өткөн.

Аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана жардам берүү иштерине жергиликтүүлөр менен чогуу НАТОнун миссиясынын алкагында келген америкалык аскерлер да көмөктөшүүдө. Өз сапары учурунда Байден поляк-украин чек арасында турган америкалык аскерлер менен жолукту.

Жо Байден 24-мартта Брюсселде НАТОнун, “Чоң жетинин” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышты. Ал жыйындарда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселери каралды.

Саммиттен кийинки басма сөз жыйындарында Жо Байден Вашингтон украиналык качкындарды колдоо үчүн 1 млрд. доллар бөлөрүн, АКШ 100 миңдей качкынды кабыл аларын маалымдады. Мурдараак Ак үй америкалык президент турненин алкагында Украинага кирбей турганын тактаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG