Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатына өтпөй калды


Палермо шаарында 24-мартта өткөн плей-офф оюндары. Италияны Түндүк Македония 0:1 эсебинде утуп чыкты.
Палермо шаарында 24-мартта өткөн плей-офф оюндары. Италияны Түндүк Македония 0:1 эсебинде утуп чыкты.

24-мартта Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын акыркы баскычында (плей-офф) Түндүк Македонияга 0:1 эсебинде утулуп калды.

Оюндун жүрүшүндө Италия каршылаштарына тынымсыз чабуул кылганы менен дарбазага гол киргизе алган жок. Түндүк Македония төрт гана ирет чабуул жасап, беттештин бүтөрүнө аз калганда (92-мүнөттө) Александр Трайковскинин голу менен жеңишке жетти.

Италия ушуну менен экинчи жолу катарынан футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышпай калууда. 2018-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын плей-офф айлампасында Швецияга жеңилип калган. 2018-жылга чейинки 60 жыл ичинде Италия курама командасы дүйнө чемпионатына катышпай калган бир дагы учур болгон эмес эле.

Италия Евро-2020 оюндарын жеңип алган. Андан мурун 2006-жылы дүйнө чемпионатын уткан. Футбол боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону.

Түндүк Македония келерки аптада Португалия менен турнирдеги орун үчүн беттешет. Криштиану Роналдунун командасы Түркияны 3:1 эсебинде утуп чыккан. 2022-жылдын дүйнө чемпионаты Катарда өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG