Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Исманкуловдун медициналык борборун көчүрүү боюнча чыр уланууда  


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору көчүп кетүүсүн талап кылып, 25-мартта Бишкек мэриясынын тийиштүү өкүлдөрү барышкан. Мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жетекчисинин орун басары Талант Рыскулбек уулунун “Азаттыкка” кабарлашынча, ооруканада бейтаптар бар болгондуктан көчүүгө убакыт берип кетишкен. Анын айтымында, мэрия Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишимин жокко чыгарды.

Алмазбек Исманкулов Kaktus Media басылмасына келишимди жокко чыгаруу боюнча соттун чечими менен гана имаратты бошоторун билдирген.

18-мартта Алмазбек Исманкулов Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, медициналык борбору бейтаптарды кабыл алып, кадимки тартипте иштеп жатканын билдирген. Ал имаратты ижарага алуу боюнча Бишкек мэриясы менен түзүлгөн келишим күчүндө экенин, ижара акысын төлөө боюнча буга чейин бир да жолу маселе жаралбаганын белгилеген.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекеттик имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирген. Исманкулов бул талапты аткарбай жатканын айтып, кире беришине кум-шагыл төгүп салууга аргасыз болуп жатканын айткан.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматы боюнча, Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу тууралуу келишимди 2012-жылы түзгөн. Ижара акысы башында 164 миң сом болуп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн. Имараттын аянты 1075 чарчы метр. Ар беш жыл сайын ижара мөөнөтү узартылып турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG