Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Туризмди өнүктүрүү боюнча 34 долбоор сунушталууда


Сары-Челек.
Сары-Челек.

Жакында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Министрлер кабинетине 34 долбоор сунуштады. Анын ону инфратүзүм,тогузу маалыматтык долбоор экенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Фонддун президенти Елена Калашникова уюмдун 2022-жылга карата пландары тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен жолуккан учурда айтып берди.

Долбоорлордун арасында туризм секторунун тутумун түзүү, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан сунуштар бар.

Министрлер кабинети уставдык капиталы 1 млрд. сомдук "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзгөн. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG