Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Нурбек Токтакунов беш суткага камалды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Биринчи май райондук милициясы адвокат Нурбек Токтакунов беш суткага камалганын билдирди. Адвокат Разак Ашимбаев Токтакуновго жолугуп чыккандан кийин аны уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери күч менен кармаганын айтты.

"Токтакуновду беш суткага камоо боюнча райондук соттун чечимин шаардык сотко даттанганбыз. Бирок жаңы кирген кодекстерде так жазылбай калган жерлер бар экен. Ошого байланыштуу шаардык соттун чечимин күтпөстөн камашыптыр. Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын ремонту бүтпөгөнүнө байланыштуу милициянын камерасына киргизишкен. Ал жерде жатканга, дааратканага барганга шарт жок", - деди адвокат.

Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, адвокаттар шаардык сотко даттанганына байланыштуу кайра бошотулган.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка нааразылык билдирип пикетке чыккан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошоткон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, "Майда бейбаштык" беренеси боюнча үчөө тең акталган. Сот "Укук бузуулар кодексинин" "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча үчөөнө 3 миң сомдон айып салган.

Алардын адвокаты Нурбек Токтакунов элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG