Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Атамбаевдин соту, тарапкерлеринин талабы


Алмазбек Атамбаевди сотко жеткирүү учуру. 24-март, 2022-жыл.
Алмазбек Атамбаевди сотко жеткирүү учуру. 24-март, 2022-жыл.

Бишкектеги №47 түрмөнүн алдында 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттү. Алар Атамбаевге мыйзамсыз мамиле жасалып жатканын айтып, аны бошотууну талап кылышты.

23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан, отурум 30-мартка жылды.

Атамбаевдин адвокаты аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын билдирүүдө. Жаза аткаруу кызматы мындай дооматтарга комментарий бере элек.

Адвокат Замир Жоошев 24-мартта №47 колонияда отурган Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын, мурдагы президент ага окуянын кандай болгонун баяндап бергенин айтты.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

“Күч колдонгону денесинен дагы көрүнүп турат. Көгала болгон жерлери бар, бутунда сыйрылган жерлер бар. Негизгиси ал отурган камеранын маңдайында видео-көзөмөл оронотулган. Аны Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратында көрүп турушат. Бүгүн Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу борборунан кишилер келсе бербей коюшту. Видеону берсе бардыгы көрүнөт. Эки кол, эки бутунан ич кийимчен көтөрүп чыгышкан. Автозактын жанына алып барып, жылаңаяк карга коюшкан. Машинеге күчтөп отургузуп, анан шымы менен фуболкасын алып келишкен”.

Адвокат Замир Жоошев сот тарабынан дайындалган соттук медициналык экспертизанын 11-мартта чыккан корутундусу деген кагазды жарыялады. Анда дарыгер прокуратурага Атамбаевдин абалы оор экенин, соттук отурумга катыша албай турганын жазган.

Ал арада Атамбаевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев атасы менен жолугуп чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазып, анын денесинде көгала жана сыйрылган тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын билдирди.

Жазаларды аткаруу кызматы Атамбаевдин адвокаттарынын, тарапкерлеринин жана анын уулунун айыптоолоруна жооп бере элек.

11-марттагы соттук медициналык экспертизанын корутундусу ошол күнгө гана жарактуу экенин айтуу менен чектелди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Атамбаевдин окуясы боюнча бир нече пикирин Твиттерге жазып, мурдагы президент өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюп жатканын билдирди. Ошондой эле, 2019-жылы суракка келбегендиктен жана куралдуу каршылыктан улам Кой-Таш окуясы болуп, атайын кызматтын офицери өлүп, башкалары да жаракат алганын кошумчалады.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 23-мартта Атамбаевдин, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун жана УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтарын кабыл алган. 24-мартта акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов абакка барып, Атамбаев, Фарид Ниязов жана башка адамдардын абалын көрүп чыкты.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

“Орун басарым Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкты, дооматтарын укту. Колониянын башчысынын орун басары соттук отурум боюнча алдын ала айтылган, эч кандай кыйноосу жок алып чыгып кетишкен деп айткан. Видео-көзөмөлдү көрөлү дегенде борбордук аппараттан гана көрүүгө болот дешкен. Биз видео жазууну бергиле деп расмий кат жөнөттүк. Андан тышкары Атамбаевге күч колдонулду дегенди аныкташ үчүн Акыйкатчынын жана Атамбаевдин өкүлүнүн катышуусу менен медициналык кароо өткөргүлө деген талап коюлду. Колониянын башчысынын орун басарынын айтуусунда Атамбаев медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан”, - Абдрахматованын сөзүнө караганда, Акыйкатчы институту окуя тууралуу бардык тараптын материалдарын алгандан кийин расмий пикирин билдирет.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Жакында эле Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра карап, сот өкүмүн күчүндө калтырды.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди “Батукаев иши” боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Кой-Таш окуясында окко учкан офицер Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Атамбаевдин сотко келбей жатканынан улам 1 жыл 3 айдан бери соттук отурум болбой жатканын билдирди.

“Сот үчүнчү жылга кетип жатат. Бир жыл үч айдан бери сот боло элек. Анткени Атамбаев сотко келбейт, жүрөгү оорулуу экен. Эми ич кийимчен сүйрөп чыгышты деп мамлекетти уят кылып жатышат. Мен таң калып бүтпөй атам. Түрмөдө жүрөгү оорубаган адам барбы? Мен канча ооруп атам. Санкт-Петербургга чейин барып дарыланып келип жатам. Мен оорумду кимге айтам? Сотко келип акталып албайбы. Ал жерде жабырлануучу жалгыз мен. Атамбаев ошондо сотко келип койсо, уулум өлбөйт эле го. Эми дагы сотко келбей жатат”.

Өктөм Мамаева жана мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив.
Өктөм Мамаева жана мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков. Архив.

Ал тапта мурдагы президенттин айланасындагы жагдай социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мурдагы президентке жасалган мамилени сындап чыкты.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

“Садыр Нургожоевич өткөндө саясий оппоненттеримди кечирдим, жаңы барактан баштайм деп айткан. Азыркы бийлик негизи эле мыйзам жолунда иштегенге аракет кылып жатпайбы. Атамбаевди камерасынан жеңил кийими менен сүйрөп чык деп Жапаров, Ташиев же Зулушев буйрук берген деп ойлобойм. Мындай болбойт да, өзү экс-президент болсо. Ал кишинин көп нерсесин жактырбайм, бирок адамгерчилик деген керек да. Мыйзам боюнча сотко баргысы келбесе барбайт да, ансыз эле соттой бериш керек. Адам укугуна каршы мындай иштерди жасагандар жаза алыш керек. Экс-президентти мындай кылып жатса, калгандарына айтпай эле коеюн”.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жогорудагы иштерден тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазап берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер боюнча айыпталып, соттук иштер жүрүүдө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG