Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

"Батукаев иши": Атамбаевдин 11 жылдык өкүмү күчүндө калды


"Батукаев ишинде" Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып коюлган жана анын көбү тергөө менен кызматташууга барган.
"Батукаев ишинде" Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып коюлган жана анын көбү тергөө менен кызматташууга барган.

Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал бул иште жаза мөөнөтүн алган жалгыз айыпталуучу болуп калды жана мындай жагдай бир топ суроолорду жаратты.

Башкы прокуратура былтыр жыл аягында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде "Батукаев ишин" кайра кароо тууралуу Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

Буга Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын арызы негиз болгон.

Жогорку сот буга байланыштуу 15-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун мурдагы президентти 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова билдирди.

"Жогорку соттун токтому менен Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевге карата Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 14-августундагы өкүмдөрү өзгөрдү. Жолдубаева Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (1997-жылдагы редакциясы) менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулбастан күнөөлүү деп табылды. Анын мүлкүн камакка алуу жөнүндөгү Биринчи май райондук сотунун чкчими жокко чыгарылды. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калды".

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына соттун бул чечимин айыптап билдирүү жазды.

Анда: "Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда Жогорку сот тарыхта болбогон кадамга барып, мыйзамда жок негиз менен өзүнүн 2020-жылдын 30-ноябрындагы токтомун жокко чыгарган, ал эми Атамбаевди камоо өкүмүн жандандырган. 2022-жылдын 15-мартында Алмазбек Атамбаевди 11 жылга камоо тууралуу өкүмдү күчүндө калтырды. Мындай кетиште буга чейин Жогорку сот тарабынан жокко чыккан өкүмдөр кайра жандануусу ыктымал", - деп айтылат.


Батукаевге байланыштуу Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу алгачкы сот өкүмү 2020-жылы июнда чыккан. Эки айдан кийин Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун бул чечимин күчүндө калтырган.

Ошол жылы Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

Бирок былтыр 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев ишиндеги” жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Муну Атамбаевди парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети катары сыпаттагандар болгон.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Атамбаевдин соттолушундагы саясий өңүт тууралуу дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

"Батукаев жөнүндө айта турган болсок, оор кылмыштарды жасап, 16 жылга кесилип, бирок болбогон эле шылтоолор менен биздин өлкөнүн намысына шек келтирип аны чыгарып жибергендин өзү укук коргоо иштери абдан төмөн экенин айгинелеп койду. Тергөөнүн натыйжасында ошол кездеги президент Атамбаев баш болгон бир топ көрүнүктүү, жоопкерчилиги чоң кызматтарда отурган кишилер камалбадыбы. Кичине болсо дагы адилеттүүлүк керек да. Биринчи баскычтагы соттун өкүмү, андан кийин шаардык, Жогорку соттун өкүмүн мен түшүнүү менен кабыл алдым. Ким болсо дагы, Атамбаев болобу, башкасы болобу колу менен кылганын моюну менен тартышы керек. Ансыз деле расмий бийликтин коррупцияга, кылмыштуулуукка каршы күрөшү тууралуу дооматтар айтылып келет. Бул жерден саясат кылып, андай-мындай деп жатышат. Ушулардын эмне кереги бар? Мен эми УКМКнын, башка органдардын жасаган иштеринин баары идеалдуу деп айта албайм, анткени алар мындан абдан эле алыс. Бирок аракеттер болуп жатат. Ошондуктан кечээки өкүмдү мен түшүнүү менен эле кабыл алдым".

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары Орусияга учуп кеткен.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөгүнүн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Тергөөдө Атамбаев баштаган 19 адамга айып коюлган. Алардын арасынан беш киши айыбын моюнуна албай, тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. "Батукаев" ишинде мурдагы президентке "коррупция" беренеси менен иш козголгон. Ал бул ишке байланыштуу 2019-жылы августта Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, бул иште "коррупция" байланыштуу коюлган айып далилденген жок.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Чынында Батукаевдин ишинде коррупцияны далилдөө мүмкүн эмес. Анткени коррупция болгондон кийин кандай кызыкчылык болгонун көрсөтүш керек эле. Болгондо дагы жеке кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан пайдаланып жатат да. Ошо жеке кызыкчылыгы далилдениши керек болчу. Акча алдыбы, же кандайдыр бир пайда көрдүбү, ошол далилдениши керек болчу. Менимче, бул нерсени далилдөө мүмкүн эмес. Бар болгону көрсөтмөлөрдүн негизинде гана өкүм чыкты. Тергөө менен кызматташууга баргандар Атамбаевге каршы көрсөтмө берип чыгып, кутулуп кетпедиби. Алар "бизге Атамбаев көрсөтмө берген, биз ошону аткардык" деп айтып кутулуп кетип, башкы күнөөкөр Атамбаев болуп калды. Чындыгында айып антип, көрсөтмө менен далилденбейт. Бул саясий өңүтү бар өкүм болуп калды. Өч алуу экени анык эле көрүнүп турат. Башка эч ким жазаланбаса, баары жоопкерчиликтен бошосо, корутунду чыгарган дарыгерлер, аны тастыктап берген прокурору, Батукаевге чечим чыгарып берген соту, баары эле эркиндикте жүрөт да. Ошолор дагы жазаланышы керек эле. Атамбаеге 11 жыл берилгени адилетсиздик болуп калды".

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев ишинен" сырткары Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу, Октябрь окуясына байланыштуу дагы кылмыш иштери козголгон. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.


Атамбаевдин бийлигинин тушунда сөз эркиндигине, саясий куугунтукка жана коррупцияга байланыштуу сын-доомат күчөгөн. Ошондой эле бир топ адам камалып, соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG