Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Жапаров Кыргызстан мындан ары өз акчасына аскердик техниканын жаңысын алып турарын айтты


Бишкектин Эски аянты. 2022-жылдын 25-марты.
Бишкектин Эски аянты. 2022-жылдын 25-марты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы техника менен жабдылды. Техниканы тапшыруу иш-чарасы бүгүн 25-мартта Бишкектин Эски аянтында өттү.

Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышып, буга чейин Кыргызстан грант түрүндө жардам катары эски техника гана алып келген болсо, эми мындан ары өз акчасына заманбап жаңы техника сатып алып турарын билдирди.

Президенттин айтымында, өткөн жылы бул үчүн бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сом бөлүнүүдө:

“Учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техника, автоунаалар, алдыңарда тургандай “Тигр” үлгүсүндөгү тоо-таштан, жолсуз жерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору машиналар жана башка курал-жарак сатылып алынууда”.

Жапаровдун белгилешинче, жылына Кыргызстанда 4 миңдей өрт кырсыгы катталып, адамдардын өмүрү кыйылып келүүдө. Ал эми мамлекет миллиард сомдук материалдык чыгымга учуроодо.

Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 миллион доллардан ашык акчага 58 өрт өчүрүүчү машина сатылып алынды. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG