Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Нурбек Токтакуновду атайын күч кызматкерлери кармап кетишкени белгилүү болду


Нурбек Токтакунов. Архивдик сүрөт.
Нурбек Токтакунов. Архивдик сүрөт.

Адвокат Нурбек Токтакунов кармалганын 25-мартта “Азаттыкка” жактоочусу Бакытбек Автандил билдирди. Токтакуновду эртең менен атайын күч кызматкерлери келип үйүнөн алып кетишкенин жактоочуга Токтакуновдун туугандары айтышкан.

Бакытбек Автандил окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Бишкектин Биринчи май райондук милициясына жөнөп жатканын айтты.

Райондук милициянын басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, кайра бошотулган.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка нааразылык билдирип пикетке чыккан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошоткон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, "Майда бейбаштык" беренеси боюнча үчөө тең акталган. Сот “Укук бузуулар кодексинин” "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча үчөөнө 3 миң сомдон айып салган.

Алардын адвокаты Нурбек Токтакунов элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG