Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Кыйноого каршы борбор Атамбаев боюнча видеону көрүүгө уруксат берилбегенин билдирди


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерине №47 колониянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган камерасы боюнча видеолорду көрүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Борбордун кызматкерлери колонияга 24-мартта барганы, Атамбаев менен жолукканда анын колу-бутунда көк ала тактар бар экени аныкталганы, 23-марттагы окуянын чоо-жайын билүү үчүн абактын маалыматын алууга мүмкүнчүлүк берилбегени айтылды.

Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко катыша албасын айтып арыз жазганына карабастан бөлмөдөн ич кийимчен күч колдонуп алып чыгып, машинага салып кетишкенин айтып бергени маалымдалды.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинадан чыгуудан баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка калтырылган.

Адвокат Замир Жоошев ошол күнү колониядан сотко Атамбаевди абак дарыгеринин ал ден соолугуна байланыштуу камакта да, сотто да отура албасы тууралуу бүтүмүнө карабастан, суукта жеңил кийимчен күч колдонуп алып барышканын айткан жана муну мыйзам бузуу деп атап, Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

24-мартта колониянын алдында мурдагы президенттин тарапкерлеринин акциясы өткөн. Алар Атамбаевге күч колдонулуп жатканын айтып, аны бошотууну талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматы Кыйноого каршы борбордун, жактоочунун билдирүүлөрү жана кечээки акция боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Атамбаевдин иштерин карап жаткан Биринчи май райондук соту өкүм чыкмайынча эч кимди күнөөлүү деп айтуу мүмкүн эместигин, адам айыбы бар же жогун сотто гана аныктап алса болорун эскертип, Атамбаевге байланыштуу отурумдардын баары ал өзү жана башка айыпталуучулар келбей коюп жаткандыктан башка күнгө которулуп келатканын билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG