Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

АКШ жана Жапония Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын айыпташты


Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын сынаган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл. Архивдик сүрөт.
Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын сынаган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл. Архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттар жана Жапония Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп учурганын айыпташты, ал эми АКШ менен Түштүк Кореянын коргоо жана тышкы иштер министрлери бул өлкөгө карата чечкиндүү жооп берүүгө үндөштү.

24-мартта АКШ президенти Жо Байден Брюсселде «Чоң жети» уюмунун саммити алкагында Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугуп, Түндүк Корея 2017-жылдан бери алгачкы жолу континет аралык баллистикалык ракета учурганын талкуулады. Эки лидер бул окуяны айыптап, расмий Пхеньянды жоопко тартуу үчүн дипломатиялык жана кызматташтык кадамдарын жасоо керектигин белгилешти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын одоно бузуп жатат деп билдирди.

Түштүк Кореянын штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин маалыматына караганда, ракета 24-мартта Пхеньяндын эл аралык аэропорту жайгашкан аймактагы Сунан районунан атылды. Жапон өкмөтү ракета абада 71 мүнөт болуп, Жапония өзүнүкү деп эсептеген аймактагы сууга түшкөнүн кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG