Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Баткенде мыйзамсыз менчиктештирүү тууралуу айтып чыккандар камалганы кабарланууда


Лейлек прокуратурасынын алдындагы акция. 2022-жылдын 25-марты.
Лейлек прокуратурасынын алдындагы акция. 2022-жылдын 25-марты.

Баткенде Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов жана учурдагы жооптуу катчысы камакка алынганы айтылууда. Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна Жалиловдун жакындарынын бири Айымпаша Жалилова билдирди:

“Чакырып, камап салышканын биз да кечинде угуп калдык. Азыр Исфанага барыш үчүн 5-6 айылдан эл баары чогулуп жатат. Өтө нааразы болуп жатышат”.

Жалилованын айтымында, Бекжан Жалилов бир ай мурда айыл аймактын муниципиалдык мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды ачыктап, жер тилкелерин жана мүлктү кайтаруу аракетин баштаганда аны Бешкент айыл аймагына которуп жиберишкен.

Соңку маалыматка караганда, камалгандарды бошотууну талап кылгандар Лейлек прокуратурасынын алдында акция өткөрүп жатышат.

Расмий органдар бул тууралуу азырынча маалымат берише элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалыматты тактоо жүрүп жатканын билдирди.

23-мартта Башкы прокуратура журналист Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналына чыккан видеодогу Баткендин Лейлек районундагы менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы менчикке өтүп кеткен имараттар жөнүндө үч видео жарыялаган.

24-мартта ал "Фейсбуктагы" баракчасына "Баткенде бүгүн коррупциянын жеңиши орун алды. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп, айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып аткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды" деп жазды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG