Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Бишкекте Украинаны колдогон митинг өттү


Украинанын элчилигинин алдындагы колдоо митинги.
Украинанын элчилигинин алдындагы колдоо митинги.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандагы 30га жакын жарандык активист Украинанын Бишкектеги элчилигинин алдында тилектештик митингин өткөрүштү. Алардын арасында ишкер, активист Марат Мүсүралиев, ырчы Кайрат Примбердиев, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар бар. Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиришинче, алар украин элин колдоп, согуш токтошуна тилектештигин билдиришкен. Акциянын катышуучулары Кыргызстан менен Украинанын желегин көтөрүп чыгышты. Аларга элчи Валерий Жовтенко чыгып, украин эли эркиндик үчүн күрөшө берерин айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Буга чейин Орусияны колдогондор 22-мартта Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбакта акцияга чыгышкан. Алар Орусиянын Украинага жасаган "аскерий операциясын" колдой турганын айтышкан.

Мунун алдында Украинадагы согушка каршылыгын билдирип, Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочуларды милиция кармап кетип, сот аларга айып пул салган.

24-февралда Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына басып кирип, жүздөгөн адам каза таап, миллиондогону үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG