Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

COVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 103 592 учур катталган. Бир жылда 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде же илдетти жугузгандар менен байланышта болгондору аныкталган.

Республика боюнча адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.

Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү алты жашка чейинки балдар арасында белгиленген. 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19 жуккан жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында дагы өлүм учурлары катталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында болгон. Ал эми аймактар боюнча караганда, жоготуулар, коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде, жогорку көрсөткүч Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында болгон.

Министрликтин талдоосунда адам өлүмүнө алып келген негизги себеп катары жарандардын кеч кайрылуусу эсептелген. 45% адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин дарыгерге кайрылышкан. Экинчи себеп- өнөкөт оорулар. Министрлик коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч илдетти - жүрөк-кан тамыр ооруларын (каза болгондордун 65%), боор ооруларын (20%) жана кант диабетин (15%)белгилеген.

Соңку күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны салыштырмалуу азыраак катталууда. Соңку бир суткада илдетти жуктурган он учур катталып, бир бейтап каза болду.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG