Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилди


Кара-Ой айылы. 2022-жылдын 25-марты.
Кара-Ой айылы. 2022-жылдын 25-марты.

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн, 25-мартта туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Маркумдун сөөгү айылына 24-марттын кечинде жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.


Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирген. Украинанын Коргоо министрлиги болсо Орусия өлгөндөрдү жана жарадарларды кошкондо 16 миңден ашык аскерлерин жоготконун маалымдаган.

Ага чейин Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүргөн. Басылма муну “алардын сайтын кимдир бирөө бузуп кирип, маалыматты жайгаштырып койгондугу” менен түшүндүргөн.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. Расмий Бишкек калыс позицияда экенин согуш башталгандан бери кайталап келет.(AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG