Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Орусия согушта өзүнүн 1351 аскери өлгөнүн маалымдады


Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын Цырен Балданов аттуу аскерин жерге берүү иш-чарасы. Бурятия, Орусия Федерациясы.
Украинадагы согушта каза болгон Орусиянын Цырен Балданов аттуу аскерин жерге берүү иш-чарасы. Бурятия, Орусия Федерациясы.

Орусиянын Коргоо министрлиги көп күндөн кийин өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирди.

Орусия акыркы жолу 2-мартта 500дөй жоокери өлгөнүн, 2 миңдейи жаракат алганын кабарлаган.

Апта башында Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койгон.

Украинанын Коргоо министрлиги 25-мартка карата Орусиянын аскерлеринин жоготуусу 16 миңден ашканын кабарлоодо. Мунун ичинде өлгөндөр, жарадарлар жана туткунга түшкөндөр кошо саналууда. АКШнын Чалгын кызматы болсо согуш башталгандан бери 7 миңден 10 миңге чейинки орус аскери өлгөнүн америкалык сайттарга билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG