Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

Бейөкмөт уюмдар каржы булагы тууралуу отчёт бериши керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар ушул жылдын 1-апрелине чейин каржы булагы, акча эмне иштерге коротулганы жана сатып алынган мүлкү тууралуу Мамлекеттик салык кызматына маалымат берүүгө тийиш. Ал мекеменин сайтына жарыяланат.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 22-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн кабыл алынганын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга 2021-жылы июль айында кол койгон.

Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) ишинин ачыктыгын камсыздоо экенин билдирген.

Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам ошол кезде кабыл алынган эмес. Бейөкмөт жана эл аралык уюмдар мыйзам өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сындап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG