Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Байсалов Украинанын элчиси Жовтенко менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуу элчинин сунушу менен өтүп, анда Украинадагы соңку кырдаал талкууланды.

Байсалов жаңжалды сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керектигин, бардык кызыктар тараптар кырдаалды жөнгө салуунун ар кыл мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарылдыгын белгилеген.

Ошондой Министрлер кабинетинин төрага орун басары Кыргызстан БУУнун уставы жана эл аралык укуктук принциптерин сактоону колдой турганын, бул эң ириде өлкөлөрдүн суверенитети жана аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу экенин кошумчалады. Мындан сырткары жолугушууда Украиндагы кыргыз жарандарын чыгаруу боюнча сүйлөшүлдү.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин бүгүн 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. Өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча жыйынында сүйлөп жатып Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айтты.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремл муну согуш деп атабастан, “Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо” боюнча атайын операция деп гана атоодо. Украина бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы окуяларды агрессия деп атаган резолюциясын 141 өлкө колдогон. Кыргызстан анда добуш берүүдөн карманып, калыс позициясын билдирген. Орусияны өзүнөн башка төрт өлкө – Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG