Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Бажы кызматы: Бишкекке келген эки вертолёттон бажы төлөмү алынган эмес


Бажы кызматы тараткан сүрөт.
Бажы кызматы тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке эки тик учак алып келингенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин “Манас” бажысына 2021-жылдын 17-августунда Дүйшөмбү шаарынан “Ф.С.Э.” жоопкерчилиги чектелген коомуна “МИ-8”, “МТВ-1” вертолёттору келген. Бирок, аларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Товардын наркы 640 000 долларды түзүп, мамлекетке келтирилген чыгым 3 млн. 519 миң 723 сом деп эсептелген.

Учурда бул фактыны Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Кыргызстандын Бажы кызматы эки техниканы алып келген кайсы ишкана экенин жана эмне иш кыларын маалымдаган жок. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG