Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Аба ырайы: Жаан, кар жаайт


Бишкек.
Бишкек.

25-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG