Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

№47 колониянын алдында Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттү


Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери №47 колониянын алдында. 2022-жылдын 24-марты.
Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери №47 колониянын алдында. 2022-жылдын 24-марты.

Бишкектеги №47 колониянын алдында бүгүн 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттү. 20-30 чакты адам “Атамбаевге боштондук!”, “Бийликтин келечеги - адилеттүүлүктө” деген жазууларды кармап турушту.

Алар мурдагы президентке карата мыйзамсыз мамиле жасалып жатканын айтып, аны бошотууну талап кылышты.

23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка калган.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев ал күнү колониядан сотко Атамбаевди абак дарыгеринин ал ден соолугуна байланыштуу камакта да, сотто да отура албасы тууралуу бүтүмүнө карабастан, суукта жеңил кийимчен күч колдонуп алып барышканын айткан жана муну мыйзам бузуу деп атап, Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун билдирүүсү жана бүгүнкү акция боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Биринчи Май райондук соту өкүм чыкмайынча эч кимди күнөөлүү деп айтуу мүмкүн эместигин, адам айыбы бар же жогун сотто гана аныктап алса болорун эскертип, Атамбаевге байланыштуу отурумдардын баары ал өзү жана башка айыпталуучулар келбей коюп жаткандыктан башка күнгө которулуп келатканын билдирген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG