Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Тышкы карызды төлөөгө быйыл кошумча алты миллиард сом талап кылынууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Доллардын курсу олку-солку болуп жаткандыктан быйыл Кыргызстанда тышкы карызды төлөөгө кошумча алты миллиард сом каралып жатканын бүгүн 24-мартта Өкмөт үйүндө өткөн брифингде каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 26,6 миллиард сом каралган, бул сумма доллар сомго карата 88,4 сом деген курс менен эсептелген.

“Бирок бизге келе турган жардам да бар. Сырттан. Тобокелчиликти азайтуучу, бюджетке оорчулук алып келбей турган механизмдер иштелип чыккан. Ошондуктан тышкы карыз өз убагында, тийиштүү көлөмдө толук төлөнөт”, - деди Бакетаев.

Министр билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 миллиард доллар.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин эки жума аралыгында 20 сомго кымбаттап, 105 сомго жетип кеткен. Андан кийин кайра арзандап, 24-мартка карата доллардын курсу 92 сомдой болууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG