Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Украина менен Орусия келишүү тууралуу Эрдогандын сөзүн төгүндөдү


Орусия менен Украинанын делегациялары. Беларустун аймагында өткөн жолугушуу.
Орусия менен Украинанын делегациялары. Беларустун аймагында өткөн жолугушуу.

Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө жылыштар бар экенин төгүндөштү. Мурдараак арачы түшүп жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орустар жана украиндер айрым маселелерде бир пикир таба алышканын маалымдаган.

Эрдоган жакын арада Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшмөк. Аны утурлай жасаган билдирүүсүндө түрк президенти жергиликтүү медиаларга согушкан тараптар ортодогу алты маселенин төртөө боюнча келишүү тапканын айткан.

Алар Украинанын НАТОнун мүчөлүгүнөн баш тартуусу, өз өлкөсү үчүн коопсуздук кепилдиги, украин армиясынын куралдануусун чектөө жана орус тилинин расмий макамын киргизүү. Түрк президентинин айтымында, Киев Орусиянын Крымды аннексиясын жана “ДЭР” менен “ЛЭР” түзүмдөрүнүн көз карандысыздыгын гана тааныбай турганын билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “Украинская правда” басылмасына курган маегинде, Эрдоган айткан айрым нерселер боюнча тил табышуу бар экенин, бирок сүйлөшүүлөр аталган алты маселе менен гана чектелип жатканын төгүндөдү.

Кулеба мунун ичинде украин тили жалгыз мамлекеттик тил болуп каларын белгиледи. Министрдин сөзүнө караганда, Украина биринчи кезекте ок атууну токтотууну, коопсуздук кепилдигин жана аймактык бүтүндүгүн талап кылып жатат. Ал Орусия менен сүйлөшүү өтө оор жүрүп жатканын кошумчалап, аны уюштуруп жаткан Түркияга ыраазычылык билдирди.

Орус делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский өз кезегинде Украинанын нейтралдуу макамы Орусия үчүн аздык кыларын билдирди. Анын айтымында, Москва кол салуунун башында айтылган денацификация, демилитаризация, Крымдын макамын таануу жана Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу тууралуу Орусиянын талаптарынын бардыгы кошулган “комплекстүү келишимди” кабыл алууну талап кылып жатат. Мединский Украинаны сүйлөшүүнү созуп жатканы үчүн айыптады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG