Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Жаңы сатылып алынган “Тигр” жана КамАЗ машиналары Баткенге жөнөтүлөт


55 “Тигр” машинасы жана 50 атайын “Камаз” сатылып алынды.
55 “Тигр” машинасы жана 50 атайын “Камаз” сатылып алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматына берилген жаңы техника боюнча маалымат берди. Техниканы тапшыруу салтанаты 25-мартта Бишкектин Эски аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.

Ташиевдин айтымында, мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомго Орусияда атайын даярдалган зооттолгон 55 “Тигр” машинасы жана 50 атайын КамАЗ сатылып алынды:

“Бул техниканын баары эртеңден баштап мамлекетибиздин чек арасын коргоого аттанат. Көпчүлүгү Баткен жергесине жөнөтүлөт. Себеби, билесиздер, Баткен тарапта чек арабыз кооптуу”.

Ташиев былтыр Дубайдан брондолгон 40 машина сатылып алынганын кошумчалап, Кыргызстан коңшулар менен чек ара маселесин мыйзам негизинде, азыр жашап турган территориясынын алкагында, башка мамлекеттин чегине кирбестен чечүү ниетинде экенин белгиледи. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG