Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

ЕБ согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүү фондун түзөт


Европа Биримдигинин жана Украинанын желектери. ЕБнын башкы имараты.
Европа Биримдигинин жана Украинанын желектери. ЕБнын башкы имараты.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүүгө тилектештик фондун түзөт. Бул тууралуу биримдиктин кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча документте жарыяланды.

“Европа Биримдиги Украинанын өкмөтүн кечиктирилгис муктаждыктар менен камсыздоодо жана Орусия тараптан ок атуу токтотулгандан кийин, демократиялык Украинаны калыбына келтирүүгө милдеттеме алат. Бул максат үчүн Европа Кеңеши Украина менен тилектештик фондун түзүүнү макулдашты жана башка эл аралык өнөктөштөрдү буга катышууга жана жардам берүүгө чакырат”,-деп айтылат уюмдун лидерлеринин кайрылуусунда.

24-мартта Брюсселде НАТО, “Чоң жети” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттери өттү. Украина президенти Владимир Зеленский кайрылуусунда, колдоону күчөтүүнү суранды. “Чоң жетинин” кайрылуусунда, “Орусиянын энерго-отундарына болгон көз карандылыкты төмөндөтүү” айтылды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Толук бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG