Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Евробиримдиктин үч өлкөсү 10 пункттан турган “Украинаны сактап калуу планын” сунуштады


Польша, Чехия жана Словения лидерлери Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүдө. 15-март, 2022-жыл
Польша, Чехия жана Словения лидерлери Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүдө. 15-март, 2022-жыл

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Украинаны орус агрессиясынан сактап калуу үчүн Европа аткарышы керек болгон 10 пунктан турган планы тууралуу айтты.

План Politico басылмасында жарыяланган. Моравецкинин айтымында, бул Польша, Чехия жана Словениянын биргелешкен кайрылуусу.

Сунушталган пункттар:

  • Орусиянын бардык банктарын SWIFT системасынан ажыратуу;
  • Украинада согушуудан баш тарткан орус аскерлерине башпаанек берүү саясаты;
  • Европадагы орус пропагандасын толук токтотуу;
  • Европанын портторунда орусиялык кемелерди тосуу;
  • Орусияга жана ал жактан келген жол кыймылын жабуу;
  • Орус олигархтарынын бизнес чөйрөсүнө санкцияларды киргизүү;
  • Бардык орусиялыктар үчүн Европага виза берүүнү токтотуу;
  • "Бирдиктүү Орусиянын" бардык мүчөлөрүнө карата санкцияларды киргизүү;
  • Аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон ар кандай технологияны Орусияга экспорттоого тыюу салуу;
  • Орусияны бардык эл аралык уюмдардан чыгаруу.

Буга чейин Польша Украинага эл аралык тынчтык орнотуучу миссиясын жөнөтүүнү сунуштаган, бирок бул идея НАТОнун жакында өткөн саммитинде талкууланган эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир катар уюмдар муну агрессия деп эсептеп, Орусияны Украинанын аймагынан аскерин чыгарууну талап кылышууда.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө бир канча шаар жана маанилүү объектилер талкаланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG