Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Нарында жаңылыш дары сайылган келиндин абалы турукташканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаардык төрөт үйүндө жаңылыш дары сайылып, үч күндөн бери эсине келе албай жаткан 27 жаштагы келиндин абалы турукташып калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков билдирди. Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан аял 23-мартта Нарын шаарындагы төрөт үйүндө операция жолу менен кыз төрөгөн. Ага медайымдар тамчылатма дарынын ордуна башка препаратты туура эмес сайышкан.

“Бүгүнкү анализдери жакшы чыкты. Азыр көзүн ачты. Абалы турукташып келе жатат. Ага жаңылыш дары сайышкан эки медайым убактылуу жумуштан четтетилди. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан кенен маалымат бере албайбыз”, - деди Нарынбеков.

Бул факты Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG