Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Макрон Франция Мариуполдо гуманитардык миссиясын даярдап жатканын билдирди


Мариупол шаары.
Мариупол шаары.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Франция Түркия жана Греция менен биргеликте Украинанын Донецк аймагынын түштүгүндө орус армиясынын курчоосунда калган Мариуполдун жай тургундарды эвакуациялоо үчүн "гуманитардык операция" өткөрүүгө даярданып жатканын айтты.

Бул тууралуу Le Figaro гезити билдирди.

Макрондун айтымында, ал эвакуация тууралуу маселени украин бийликтери жана Мариуполдун мэри менен талкуулаган.

Жакынкы 48 же 72 саат ичинде бул маселени Орусиянын президенти Владимир Путин менен талкуулоону көздөп жатканын белгилеген. Франциянын президентинин айтымында, шаарда дагы эле 150 миңдей тургун калууда, согушка чейинки калктын саны 400 миңден ашкан.

Украинанын Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариупол шаары бир нече аптадан бери камоолдо жатат. Орус тараптын тынымсыз аткылоосунан улам шаардагы имараттардын, турак жайлардын көбү талкаланган, байланыш, жылуулук, электр энергиясы иштебей турат. Калаада азык-түлүк тартыш болууда.


Аскердик эксперттер Орусия Мариупол шаарын алуу менен Азов деңизинин жээги аркылуу аннексияланган Крым менен өзүнүн аймагын туташтырып, “кургактыкта коридор” түзүүнү көздөп жатат деп баалашууда. Согушту изилдөө боюнча америкалык институт орус аскерлери шаардын борборуна киргенин жазып жатат.

Буга чейин Мариуполдун бийлиги толугу менен шаарды таштап чыгып кеткени кабарланган. Украин тарап орус аскерлери калаанын жашоочуларын Орусиянын аймагына мажбурлап эвакуация кылып жатканын маалымдоодо.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG