Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Алматыда январь окуясы боюнча дагы беш киши ар кандай мөөнөткө кесилди


Казакстандагы январдын башындагы нааразылыктар.
Казакстандагы январдын башындагы нааразылыктар.

Алматы соту январь окуясы боюнча дагы беш кишини "Уурулук" жана "Мыйзамсыз курал алуу, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү" беренелери боюнча бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратканын шаардык соттун басма сөз кызматы 25-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, эркинен ажыратылгандардын үчөө "Уурулук" беренеси боюнча соттолгон.

"Күнөөсүн мойнуна алган, кылган ишине өкүнгөн, келтирилген зыяндын ордун толуктагандардын бардыгына эркиндикти чектөө белгиленген. Мурда соттолгон, күнөөсүн мойнуна албаган, келтирилген зыяндын ордун толтурбаган адамдарга карата эркиндигинен ажыратуу белгиленди", - дейт Алматы шаардык сотунун басма сөз катчысы Абай Жарылкасын.

"Уурулук" беренесинин ар кайсы бөлүгү боюнча ушул күнгө чейин 80 киши айыптуу деп табылып, эки жылдан беш жылга чейин эркиндиги чектелген. Ушул эле берене боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын келишим алганы менен аяктаган. Бир киши 40 саат коомдук иштерге тартылса, сегизинин иши прокуратурага кайтарылган.

25-мартка карата Алматынын соттору январь окуясы боюнча 98 адамга карата 65 кылмыш ишин караган. Учурда 92 адамга карата 61 иш каралууда. Иштин көбү "Уурулук" жана "Куралдын ок-дарыларын уурдоо" беренелери менен козголгонун соттун басма сөз катчысы билдирди.

Жалпысынан Алматынын сотторуна 190 адамга каршы 126 кылмыш иши түшкөн. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин Алматы шаарынын сотуна "Массалык башаламандык" жана "Терроризм актысы" беренелери боюнча кылмыш иши түшкөн эмес.

Казакстанда январь айындагы тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 238 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатат.

Бийлик укук коргоочулардын январь окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү чакырыгын четке каккан.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму казак бийликтерин эл аралык эксперттерге январь окуясын иликтөөгө жана аларга бардык маалыматтарга мүмкүнчүлүк берүүгө бир нече жолу чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG