Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Өзбекстанда "Скайпка" чектөө алынды


Skype мессенжеринин логотиби.
Skype мессенжеринин логотиби.

Өзбекстанда Skype мессенжери жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тизмесинен чыгарылды.

Бул маалыматы Gazeta.uz сайтына Өзбекстандын Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. "Мессенжердин ишин кайра жандантуу - Skype менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы", — деп белгилеген аталган министрлик.

Тыюу салынган тизмеге кирген башка социалдык тармактарга да чектөөнү алуу боюнча дагы иштер жүрүп жатканы белгиленген. Учурда чектөө Twitter, TikTok, "ВКонтакте" жана WeChat түйүндөрүнө алына элек.

Өзбекстан 2021-жылы Facebook, Instagram, "Одноклассники", Telegram, LinkedIn, YouTube, "Мой мир" жана башка сервистерди жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тизмесине киргизип, аларга кирүүгө чектөө койгон. Көп өтпөй соцтармактарга бөгөт койгон Маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын ("Узкомназорат") башчысы Голибшер Зияев жумуштан бошотулган. Президенттин басма сөз кызматы ал туура эмес жана макулдашылбаган аракеттери үчүн кызматтан алынганын айткан.

"Узкомназорат" жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тимесин түзгөн, ага Twitter, TikTok, "ВКонтакте" жана Skype киргизилип, алардын өлкөдөгү иши чектелген.

Былтыр октябрда президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жеке маалыматтар боюнча мыйзамдарды бузганы үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзамга кол койгон. Ал 2022-жылдын 30-январында күчүнө кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG