Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Лейлекте айыл башчыларды бошотууну талап кылгандар митингге чыкты


Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.

Баткенде Лейлек райондук сотунун алдына Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловду, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаевди бошотууну талап кылгандар митингге чыгышты.

Алар коррупция, мыйзамсыз менчиктештирүү тууралуу ачык айтып, күрөшкөндөрдүн бөгөт чарасын адилеттүү карап берүүнү соттон талап кылышты.

Баткен облусундагы Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын аты аталган мурдагы башчылары камакка алынганын 25-мартта “Азаттык” радиосуна Жалиловдун жакындарынын бири Айымпаша Жалилова билдирген.

Ал Бекжан Жалилов бир ай мурда айыл аймактын муниципиалдык мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды ашкерелеп, жер тилкелерин жана мүлктү кайтаруу аракетин баштаганда аны Бешкент айыл аймагына которуп жиберишкенин айткан.


Баткен облустук прокуратурасынын түшүндүрмөсүндө бул иштин козголушуна өткөн жылы августта жарандардан түшкөн арыз негиз болгон. Баткен облусунун прокурорунун орун басары Шергазы Кудайбердиев ошол күндөн бери иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканын айткан.

23-мартта Башкы прокуратура журналист Ыдырыс Исаковдун YouTube каналына чыккан видеодогу Баткендин Лейлек районундагы менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы менчикке өтүп кеткен имараттар жөнүндө үч видео жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG