Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

УКМК издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалганын билдирди


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун түштүк аймагы боюнча лидери аталган Өзбекстандын жараны кармалганын билдирди.

И.Ш.Ш. аттуу жаран түштүк аймактарында жана Өзбекстандын чектеш аймактарында “Хизб ут-Тахрирдин” түзүмдөрүн бекемдеген, экстремисттик тармакты уюштурган жана көмүскө иштерди жүргүзгөн деп шек саналууда.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашуун убакыттан бери Өзбекстанда расмий издөөдө жүрүп, Кыргызстанда жашынууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

Атайын кызмат жакында Кыргызстандан жарандарды Сирияга азгырып жүргөн чет элдиктер кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, алар согуштук аракеттерге адамдарды азгырып, аларды Кыргызстан аркылуу Сирияга жиберүүнү көздөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG