Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Токтакунов убактылуу кармоо жайындагы абалды баяндап кат жазды


Нурбек Токтакуновдун абактан жазган каты.
Нурбек Токтакуновдун абактан жазган каты.

Бейбаштыкка айыпталып беш суткага камакка алынган адвокат Нурбек Токтакунов убактылуу кармоо жайында эч кандай шарт жок экенин билдирди. Бул тууралуу адвокат жабык жайдагы алгачкы күнүн баяндаган катында жазган.

Токтакунов мыйзам боюнча убактылуу кармоо жайында мыйзам кепилдеген милдеттүү шарттардын бири да түзүлбөгөнүн билдирди.

«Мени 25-мартта 08:40та уюшкан кылмыштуу топтун лидерин кармагандай алып кетишти. Бирок Айзаданы (ала качуунун курмандыгы болгон кыз) өлтүргөндө алар (милиция-ред) мындай оперативдүү жана күжүрмөн эмес эле. Мени камерага киргизишкен соң өз байкоомду баштадым. Темир тордун аянты болжол менен 12 чарчы метр. Дубалдын үч жагында жыгач такта коюлуп, ага кир жуурканды жаап коюшуптур. Пол таштан. Лампочкалары жок, жарык офицерлер отурган оозгу бөлмөдөн келет. Даараткана камерада эмес, ал жакка барыш үчүн сураныш керек. Даараткананын абалы адам ыйлачудай. Жалгыз кол жуугуч бар экен. Кармалган адамды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо жокко эсе. Сүлгү турмак, аны илгенге мык да жок экен», - деп жазган адвокат.

Ал абалы начарлаган үчүн "Тез жардам" чакырганын, бирок медиктер да өз деңгээлинде жардам көрсөтө албаганын кошумчалаган. Адвокат камактагы мөөнөтүндө убактылуу кармоочу жайдагы абал, шарттар боюнча мониторингин улантарын билдирген.

Нурбек Токтакунов 25-мартта беш суткага камалган. Ал Бишкектегин Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө кармалууда. 24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде "Майда бейбаштык" беренеси боюнча мыйзам бузду деп тапкан. Бул айыпка адвокаттын
17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршы пикет өткөргөн учурда соттордун дарегине айткан сөзү негиз болгон.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Нурбек Токтакуновго карата сот чечимин куугунтук катары санап, 25-мартта нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG