Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Хельсинки комитети Токтакуновдун камалышына камтамачылыгын билдирди


Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Норвегиядагы Хельсинки комитетинин расмий сайтына кыргыз бийлигин Нурбек Токтакуновду коё берип, өлкө аймагында Украинадагы согушка каршы акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүгө чакырган билдирүү жарыяланды.

Уюмдун саясий маселелер боюнча кеңешчиси Ивар Дале адвокаттын кармалышына байланыштуу окуянын саясий жагдайы нааразылык жаратканын белгилеген.

"Орусиянын Украина менен согуштагы ырайымсыздыгы дүйнөнү нес кылды. Дүйнөдөгү борбор шаарлардагы Орусиянын элчиликтеринин алдындагы акциялар кадыресе көрүнүшкө айланды. Кыргызстандын жарандык активлүүлүк жана сөз эркиндигин урматтоо боюнча өз жолу бар. Ошондуктан азыр жарандардын конституциялык укуктарын чектөөчү мезгил эмес".

Нурбек Токтакунов 25-мартта беш суткага камалган. Ал Бишкектеги Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө кармалууда. 24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде "Майда бейбаштык" беренеси боюнча мыйзам бузду деп тапкан. Бул айыпка адвокаттын 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршы пикет өткөргөн учурда соттордун дарегине айткан сөзү негиз болгон.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Нурбек Токтакуновго карата сот чечимин куугунтук катары санап, 25-мартта нааразылык акциясын өткөрүшкөн.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG