Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Anonymous хакерлер тобу Орусиянын Борбордук банкынын системасын бузганын жарыялады


Anonymous хакерлер тобу символ катары тутунган Гай Фокстун жүзүн чагылдырган беткап.
Anonymous хакерлер тобу символ катары тутунган Гай Фокстун жүзүн чагылдырган беткап.

Anonymous хакерлер тобу Орусиянын Борбордук банкынын системасын бузганын айтып, мекемеге тиешелүү 28 гигабайт маалыматты жарыялады. Документтерди шилтемесин аталган топ өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жайгаштырды.

Хакерлер документтерди интернетти ар кайсы бөлүктөрүнө таратышканын, эгер алар цензурага кабылса, алар жаңы шилтемелерди бөлүшөрүн маалымдашты.

“Би-Би-Синин” орус кызматы бир сыйра изилдөөдөн кийин файлдардын арасында жүздөгөн аудитордук келишимдер жана коммерциялык банктардын ээлери тууралуу маалыматтар бар экенин жазды. Хакерлер Борбордук банктын жашыруун макулдашууларын да таап алышканын билдиришти.

Anonymous Орусиянын президенти Владимир Путинге да кайрылуу жолдоп, мындан ары хакерлер анын өзүн аңдый турганын, ал коргогон олигархтардын каражаттарына тиешелүү документтерди мындан ары да жарыялай беришерин айтышты.

Anonymous - аты жашыруун эл аралык активисттердин жана хакерлердин түйүнү. Ал боюнча маалыматтар алгач 2003-жылдан баштап белгилүү боло баштаган. Бул топтогулар негизинен диктатордук жана адилетсиз бийликтин сырларын ачыкка чыгаруу, калыстык үчүн күрөшүү идеясын карманышат. Алар өздөрүнүн символу катары англиялык кутумчулардын катышуучусу Гай Фокстун жүзүн чагылдырган беткапты пайдаланышат.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген күнү Anonymous хакерлер тобу орусиялык мамлекеттик мекемелерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына киберчабуул жасай турганын жарыялашкан. Ошондон көп өтпөй Кремлдин, Мамлекеттик Думанын, Коргоо министрлигинин, башка мекемелердин жана бир катар медиалардын сайттары бир канча убакытка иштебей калган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG