Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Украин-орус согушуна Анкара арачы түшөт


Украин армиясынын жоокерлери
Украин армиясынын жоокерлери

Соңку кабарларга караганда, украин армиясы Киев, Харьков жана Николаев шаарларынын айланасындагы айрым аймактарды кайтаруу үчүн чабуулга өттү. Ал эми орус Коргоо министрлиги “Донбассты бошотууга” көбүрөөк аракет жумшарын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-марттын кечинде, эки тараптуу бетме-бет сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын утурлай, өлкөнүн “суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө артыкчылык ” берилерин кайталады:

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Алдыда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы өткөнү жатат. Себеби биз тезинен тынчтык орнотууга умтулабыз. Түркиянын аймагында жолугушуу уюштурууга мүмкүнчүлүк жана зарылдык бар деп маалымдашты. Бул жаман эмес. Эмне менен аяктарын көрөлү. Биз эгемендик жана аймактык бүтүндүгүбүзгө басым жасайбыз. Мындан күмөн да санабаш керек. Коопсуздугубузга сөзсүз кепилдик берилүүгө тийиш".

Түркиянын президентинин кеңсеси билдиргендей, жекшембинин кечинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндө жолугушууга арачы болууну сунуш кылып, ок атышууну токтотууга, Украинадагы гуманитардык шарттарды жакшыртууга чакырган.

Киев жана Москва эки тараптын кездешүүсү 28 же 29-мартта болорун тастыктады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдө мунаса табылса, эки өлкөнүн президенттеринин кездешүүсүнө өбөлгө түзүлөрүн билдирди:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

"Негизги маселелерге ачыктык киргизилип, такталса эле эки президенттин жолугушуусу болот. Биз көп жылдан бери ошол маселени козгоп келатабыз. Бирок Батыш кулак салбай, эми гана укту".

Лавров ошондой эле Украинанын "демилитаризациясы жана денацификациясы" Москва үчүн принципиалдуу маселе бойдон кала бергенин белгиледи.

Анын алдында Зеленский орусиялык бир нече басылмага берген маегинде ал маселелер талкууланбай турганын, алардын мааниси түшүнүксүз экенин айткан. Ошол эле маалда Украина орус тилинин макамын, нейтралитетти, коопсуздук кепилдиктерин сөз кылуууга, орус аскерлери чегингенден кийин Добнасстын макамын талкуулоого даяр экенин кошумчалаган.

Роскомнадзор бул маекти Орусиянын аймагында чыгарууга тыюу салды.

Сүйлөшүүлөрдүн акыркы бир нече айлампасы онлайн режимде өткөн. Жолугушуулар сезилерлик алга жылууга алып келбегени кабарланган.

Бир айдан ашуун убакыттан бери орус армиясы кошуна өлкөнүн бир да чоң шаарын ээлей алган жок. 25-мартта Москва планын биринчи баскычын ишке ашырганын, эми "Донбасстагы коопсуздукту камсыздоого" көбүрөөк аракет жумшай турганын жарыялады.

Бул аймактагы Кремл колдогон жикчил күчтөр 8 жылдан бери украин армиясына каршы согушуп келатат.

Британиянын чалгынчылары дүйшөмбү күнү маалымдагандай, акыркы 24 саатта орус күчтөрүнүн позициялары олуттуу өзгөрбөгөнү менен Мариупол жакта бир топ райондорду ээлөөгө жетишти.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко гуманитардык катастрофага кабылган калаада калган 160 миңдей тургун толугу менен көчүрүлүүгө тийиш деп билдирди. Маалыматка караганда, тургундардын бир тобу курчоодогу шаардан 26 автобус менен чыгарылмак, бирок орус аскерлери аларга коопсуз коридор берүүгө макул болгон жок.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус тарап Чернигов баш болгон бир нече шаарды аткылоону улантты.

Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинада миңдеген киши мерт кетип, калктын чейреги өз үй, өлөң төшөгүн таштап качууга аргасыз болду.

3 жарым миллиондон ашууну чет өлкөлөргө качкын болуп башпааналады.


Көптөгөн далилдерге карабай, Москва Украинада карапайым эл менен турак жайлар, жарандык объектилерге тийбегенин айтып келатат.

Ал арада өздөрүн “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчилдердин лидери Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүшү мүмкүн деп айтты.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги буга “убактылуу оккупацияланган аймактардагы жасалма референдумдар эч кандай укуктук күчкө ээ эмес” деген жооп кайтарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG