Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Украинаны колдоо акциясында бийликке бир нече талап айтылды


Бишкекте Украинаны колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Бишкекте Украинаны колдогон акция өттү

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 50дөн ашык адам катышты. Арасында бир катар жарандык активист, укук коргоочулар жана журналисттер бар.

Акцияда сөз сүйлөгөндөр кыргыз бийлигинен туура саясат жүргүзүүнү, Орусия үчүн маанилүү уюмдардан чыгууну талап кылышты. Ал арада Украинада согушта Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык дагы бир жигит каза болгону белгилүү болду.

Орусиянын согуштук аракетин жектеген акция

Тилектешик акциясынын катышуучулары колдоруна "Кыргызстан Украина менен", "Жаша Украина", “Согуш токтосун” деген плакаттарды, Украина жана Кыргызстандын тууларын кармап турушту. Иш-чара бир айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Ага келген жарандык активист Адил Турдукулов бийликке бир нече талап коюлуп жатканын билдирди.

“Орусиянын телеканалдары Кыргызстандын аймагында пропаганда жүргүзүп, биздин жарандарга туура эмес маалымат берип жатат. Биз аталган каналдарды көрсөтүүгө тыюу салынышын талап кылабыз. Экинчиден, Кыргызстанда Орусиянын көптөгөн аскердик базалары бар. Алардын баарын чыгарыш керек. Анткени биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирип жатат. Мындан тышкары Орусияга маанилүү болгон ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдардан чыгышыбыз керек. Референдум же парламент аркылуу чечим кабыл алышыбыз абзел. Анткени биз да санкцияларга илинип калышыбыз мүмкүн”.

Бишкек. 26-март, 2022-жыл.
Бишкек. 26-март, 2022-жыл.

ЕАЭБ сыяктуу уюмдардан баш тартуу боюнча кол топтолуп, катышуучулардын кайрылуусу президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасына жолдонду.

Шаардык милиция Орусиянын желеги же анын президенти Владимир Путиндин ысымы камтылган плакаттарды көтөрүп турууга уруксат берген жок. Муну чагымчылдыкты алдын алуу менен түшүндүрүштү.

Акциянын уюштуруучусу Али Шабдан Украина боюнча кыргыз бийлигинин расмий позициясы менен кылган ишинде айырма бар экенин сынга алды.

“Президент Садыр Жапаров Кыргызстан нейтралдуу деген позицияны карманып турганын айтты. Өткөндө Орусиянын согуштук аракеттерин жактаган митинг болду. Аларга укук коргоо органдары тоскоолдук жараткан жок. Ошол эле учурда Орусиянын элчилигинин алдына чыккан активисттерди айыпка жыгып, алардын жактоочусу Нурбек Токтакуновду камап салышты. Бул айтылган сөз менен иштин дал келбей жатышынан кабар берет”.

Али Шабдан айтып жаткан окуя 17-мартта болгон. Анда укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Динара Ошурахунова жана Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршы пикет уюштурган. Аларды милиция кармап кетип, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти караган сот укук коргоочуларды 3 миң сомдон айыпка жыккан.

Кыргызстанда Украина боюнча бир беткей пикир жок. Коомдо эки тарапты колдогондордун акциялары биринин артынан бири өтүп жатат. Орусиянын Украинадагы согуштук аракетин колдогондордун митинги 22-мартта өтүп, ага 200дөй адам катышканы айтылган.

Анда "Биз Путин үчүн", "Биз фейкке каршыбыз" деген ураандар жаңырган. Акцияга келгендер арасында мектеп окуучулары катышканы аныкталып, коомчулуктун сынынан кийин Бишкек мэриясы буга чара көрө турганын кабарлаган.

Анда акцияга келген саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Орусияны колдоп жатышынын себебин мындай түшүндүргөн:

“Кыргызстан, Орусия, Украина элдери бир тууганбыз. Бирок, украин бийлигин күнөөлүү деп эсептейбиз. Биз Орусия менен канча жылдан бери чоң мамлекет болдук. Завод-фабрикаларды, ГЭСтерди куруп берди. Ошондуктан кыргыз эли дайыма Орусия менен. Ушундай согушка жеткирген Украина президенти бийликтен кетиш керек. 24 күндөн бери бир тууган эки эл бири-бирин атып жатат”.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салган. Буга шаар тургундардын арызы себеп болгону айтылды.

"Орус армиясында кызмат өтөгөн Рустамдын сөөгү келди"

26-мартта Украинадагы согушта дагы бир теги кыргызстандык көз жумганы белгилүү болду. Ал Кара-Балтада туулуп-өсүп, 18 жашында Орусия жарандыгын алган Рустам Зарифулин болуп чыкты.

Азыркы маалыматтарга караганда, Рустам мындан сегиз жыл мурда орус армиясынын катарына кошулган. Анын сөөгү Орусиянын Канттагы аскер базасы аркылуу келген.

Кара-Балта шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Кызжибек Абдымиталипова бул тууралуу кыскача маалымат берди:

"Бизде азыр толук маалымат жок. Анын ата-энеси Кара-Балта шаарында жашаганы чын. Сөөгү 26-мартта түнкү үчтө келген. 27-мартта коюла турганы белгилүү болду".

Маркумдун атын атагысы келбеген досунун айтымында, Рустам бокс менен машыгып, Кыргызстандын чемпионатын жана бир нече турнирлерди жеңип жүргөн. Мындан жети-сегиз жыл мурун орус армиясынын катарына кошулуп, андан кийин Кара-Балтага маал-маалы менен келип турган.

"Рустамдын каза болгонун 10 күн мурда угуп, акырына чейин ишенбей турдук. Анын Украинада жүргөнүнөн кабарыбыз бар болчу. Бул жактагы балдарга видео аркылуу байланышкан эле. Өзү спортко жакын, аскер адамдарына кызыккан бала болчу".

Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учкан. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылында жерге берилген.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.

Украинадагы уруш качан жана кантип токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:44 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG