Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

Украина: Кремл согуш тактикасын өзгөрттүбү?


Украинанын куткаруу жана өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү Львовдогу орус күчтөрү сокку урган кара май кампасындагы өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатат. 26-март, 2022-жыл.
Украинанын куткаруу жана өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү Львовдогу орус күчтөрү сокку урган кара май кампасындагы өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатат. 26-март, 2022-жыл.

Орусиянын күчтөрү украин-поляк чек арасына жакын жайгашкан Львов шаарына сокку урду. Мындай чабуулдар АКШ президенти Жо Байден Польшада жүргөн кезде болду. Ал арада Киев орус бийлиги тактикасын өзгөртүп, Украинаны экиге бөлүүнү көздөп жатканын эскертти.

Львов шаары аткыланды

Жүз миңдеген качкындардын чордонуна айланган Украинанын Львов шаары ишемби жана жекшемби күндөрү орус күчтөрүнүн удаа артиллериялык аткылоолоруна туш болду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ракеталар күйүүчү май сакталган кампага тийип, андан беш адам жаракат алды. Бул Украинадагы согуш башталганы Львовго жасалган ири чабуул болуп калды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жогорку тактыктагы канаттуу ракеталар менен сокку урганын 27-мартта ырастап, андан украин күчтөрүн күйүүчү май менен жабдыган кампадан тышкары бир завод жок кылынганын билдирди.

"Жогорку тактыктагы канатуу ракеталар менен Львов шаарындагы радиоремонт заводунун цехтери жок кылынды. Бул ишканада "Тор" жана C-125 зениттик ракеталык комплекстерин, Украинанын аскердик аба күчтөрүнүн радиолокациялык станцияларын толук оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери аткарылып келген", - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.

Львов шаары украин-поляк чек арасына жакын жайгашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү орус күчтөрү бутага алган күйүүчү май кампасы шаардын калк жашаган аймагында экенин, соңку аткылоолор Польшада Американын президенти жүргөндө болгонун билдирүүдө.

"Агрессорлор бүгүнкү аба соккулары аркылуу Польшада жүргөн президент Байденге салам айткысы келишти. Львов Польшанын чек арасынан 70 чакырым алыстыкта гана жайгашкан. Коркунуч абдан эле олуттуу экенин дүйнө түшүнүшү керек", - деди ишемби күнү Львовдун мэри Андрей Садовой.

Байден Путинди "касапчы" деп атады

АКШ президенти Жо Байден Варшавада украиналык качкындар менен жолугуп жаткан учур. 26-март, 2022-жыл.
АКШ президенти Жо Байден Варшавада украиналык качкындар менен жолугуп жаткан учур. 26-март, 2022-жыл.

Аймакчы, АКШ президенти Жо Байден 26-мартта Польшанын баш калаасы Варшавада украиналык качкындар менен жолугуп, бир катар билдирүүлөрдү жасады. Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди "касапчы" деп атап, Орусиянын Украинага басып киришин актоого болбой турганын, Москванын аракети Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин түзүлгөн эл аралык тартипке түз коркунуч жаратып жатканын айтты.

"Биз сергек болушубуз керек. Бул урушту бир нече күндүн же айдын ичинде жеңип коюуга болбойт. Биз өзүбүздү алдыдагы узак күрөшкө даярдашыбыз керек", - деди АКШ президенти.

Ошондой эле Байден Польшадагы сапары маалында Путин "бийликте кала албайт" деп билдирди. Көп өтпөй Ак үй Байден бул сөзү менен Кремлдеги режимди алмаштырууга чакырбаганын, болгону Орусияга өз бийлигин коңшу өлкөлөргө таңуулоого уруксат берилбеши керек экенин айтканын билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын жетекчилигинин тагдырын "Байден чече албайт" деп жооп кайтарды.

"Орусиянын президенти орус жарандары тарабынан шайланат", - деди Песков.

Москва Украинага кол салгандан бери Орусияда сынчыл көз караштагы активисттер жана маалымат каражаттарына карата чектөөлөр күчөгөн. Орус бийлиги Украинадагы согушту "аскердик операция" деп мүнөздөп, аны согуш деп атагандарга катаал чараларды көрүп жатат. 24-февралдан бери Орусия мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга туш болду.

Кремлдин көздөгөнү эмне?

Орусия Украинага кол салган алгачкы күндөрдө бир топ айыл-кыштактарга көзөмөлүн орноткону менен Херсондон башка ири украин шаарларын басып ала албады. Орус куралдуу күчтөрү баш калаа Киевди курчоого алуу аракетинен да майнап чыга элек. Украина орус тарап бир ай ичинде 15 миңден ашык аскеринен айрылганын билдирген менен Орусия 1300дөн ашуун гана жоокеринен ажыраганын ырастады.

Жума күнү Орусиянын армиясы Украинадагы "операциясынын" биринчи фазасы аяктаганын, эми Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагын "бошотууга" көңүл буруларын билдирген. Аны улай украин бийлиги жана аскердик адистер Орусия стратегиясын өзгөртүп жатканын эскертишүүдө.

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Буданов Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөп турганын айтты. Анын мындай билдирүүсүн Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 27-мартта жарыялады.

Анда Буданов орус президенти Владимир Путин Киевдин айланасындагы ийгиликсиз чабуулдарынан жана борбордук бийликти кулатуу боюнча натыйжасыз аракеттеринен кийин багытын өзгөртүп, Украинанын түштүгү менен чыгышына басым жасай баштаганын, Москва "корей сценарийин" Украинада ишке ашырууну караштырып жатканын белгилеген.

"Башкача айтканда, ал биздин өлкөнүн оккупацияланбаган жана оккупацияланган аймактарынын ортосунда бөлүштүрүү линиясын таңуулоого аракет кылат. Иш жүзүндө бул Украинада Түндүк жана Түштүк Кореяны түзүү аракети. Анткени ал мамлекеттин баарын басып алууга алы келбейт", - деп айтты генерал.

Ошондой эле Буданов Украинанын орус күчтөрү басып алган аймактарында украиндердин партизандык согушу жакын арада баштала турганын да кошумчалады.

Ал эми Украинанын ички иштер министринин орун басары Вадим Денисенко 27-мартта айткандай, Орусия эми Украинадагы күйүүчү май жана азык-түлүк сакталган жайларды жок кылууга өттү. Мындан улам украин өкмөтүнө кара май жана тамак-аш запастарын бир жерге топтобой, ар кыл аймактарга таратып, бөлүп сактоого туура келүүдө.

Ошондой эле Денисенко Орусия украин чек арасына өз күчтөрүн алып келип жатканын, бул Москва Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатканын туюнта турганын кошумчалады.

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин 27-мартта жарыяланган талдоосуна ылайык, орус күчтөрү Харьков аймагынан түштүктү жана Мариуполдон түндүктү көздөй алдыга жылууга аракет кылууда. Муну менен орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы украин күчтөрүн курчоого алууну көздөп жатышы мүмкүн. Донбасс деп аталган бул өрөөндүн бир бөлүгүн Орусия колдогон жикчилдер 2014-жылдан бери көзөмөлдөп келет.

Британиянын чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, Москва аскердик күчтөрүнүн арасындагы жоготууларды азайтуу үчүн негизинен Орусиянын аймагынан учурулган алыс аралыктагы ракеталары менен сокку урууга басып жасап жатат. Бирок мындай ракеталардын запасы чектелүү болгондуктан орус тарап анчалык татаал эмес, кадыресе ракеталарды колдонууга өтүшү мүмкүн же аскердик учактар аркылуу сокку ура башташы ыктымал.

Зеленскийдин өтүнүчү

Киевдеги орус күчтөрүнүн соккусунан кийин күйүп жаткан кампанын жанындагы көрүнүш. 24-март, 2022-жыл.
Киевдеги орус күчтөрүнүн соккусунан кийин күйүп жаткан кампанын жанындагы көрүнүш. 24-март, 2022-жыл.

Расмий Киев Батыштан жана НАТОдон Украинанын аба мейкиндигин коргоп берүүнү өтүнгөн. Бирок Түндүк атлантикалык аскердик альянс бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. Президент Владимир Зеленский 26-марттагы кайрылуусунда украин армиясы бир гана Украина үчүн эмес, Европанын эркиндиги үчүн күрөшүп жатканын белгилеп, Киев НАТОнун аскердик кудуретинин 1 пайызга жетпеген бөлүгүн гана сурап жатканын айтты.

"НАТОнун бардык аскердик учактарынын 1 пайызы гана, НАТОнун бардык танктарынын 1 пайызы гана! Биз мындан көптү сурабайбыз. Биз 31 күндөн бери күтүп жатабыз. Евроатлантикалык коомчулукту ким башкарып жатат? Дагы деле коркутуулары аркылуу Москвабы?", - деди Владимир Зеленский.

Батыш чалгын кызматтары украин күчтөрү орус армиясына катуу каршылык көрсөткөнү үчүн Орусия негизинен абадан бомбалоого көңүл буруп жатканын айтып келишет. Алар мындай чабуулдар Украинада карапайым тургундар арасындагы жоготууларды көбөйтө турганын эскертип жатышат.

24-февралда согуш башталгандан бери Украинада миңдеген жайкын тургундар мерт болуп, 4 миллионго жакын жаран коңшу өлкөлөргө качууга аргасыз болду. Качкындардын жарымын Польша кабыл алды.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук эки тараптын ортосунда макулдашылган 11 гуманитардык коридордун 10у ишке ашырылганын, орус тарап басып алган же курчап турган айыл-кыштак жана шаарлардан миңдеген адамдар чыгарылганын жарыялады.

Бирок бир нече аптадан бери орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариупол шаарында дале оң миңдеген адамдар оор шартта күн кечирип жатат. Украин бийлиги Москва шаардын айрым тургундарын Орусияга же орус күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга мажбурлап чыгарып кетип жатканын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG