Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Жо Байден Варшавада Украинанын министрлери менен жолукту


АКШнын президенти Жо Байден баштаган топтун жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен коргоо министри Алексей Резников баштаган делегациянын жолугушуусу. Варшава, Польша. 26-март, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден баштаган топтун жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен коргоо министри Алексей Резников баштаган делегациянын жолугушуусу. Варшава, Польша. 26-март, 2022-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден 26-мартта Польшанын борборук Варшавада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана коргоо министри Алексей Резников менен жолукту. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы кабарлады.

Кездешүүгө АКШ тараптан мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин да катышты.

Бул Орусиянын Украинага чабуулу башталгандан бери америкалык жана украиналык тараптардын жогорку деңгээлдеги биринчи жолугушуусу. Алексей Резников “Твиттерге” жазгандай, тараптар анда Украина менен АКШнын ортосундагы саясий жана коргонуу багыттарындагы соңку маселелерди талкуулашты.

АКШ президенти Жо Байдендин Европа өлкөлөрүнө жасаган сапары аягына чыгууда. Ал сапарынын акыркы күнү Польшанын борбору Варшавада бул өлкөнүн президенти Анжей Дуда менен жолугат жана билдирүү жасайт. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн маалымдашынча, Байден өз сөзүндө «эркин дүйнөнү» Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыгууга жана орус президенти Владимир Путинди токтотууга багытталган экономикалык чараларды биргеликте көрүүгө чакырат.

Байден үч күнгө созулган Европага сапарынынын жүрүшүндө Брюсселде НАТОнун, “Чоң жетинин” жана Европа Биримдиги уюмдарынын саммиттерине катышты. Ал жыйындарда Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы чараларды көрүү маселелери каралды.

Европа сапарынын алкагында 25-мартта АКШ президенти украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына да барды. Анда поляк президенти Анжей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулаган. Байден Польшадагы Кошмо Штаттардын аскер бөлүгүн зыярат кылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG